Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул бериле баштады. Аны алыш үчүн кандай документтер керек?
Сүйүнчү пул 2018-жылдын 1-январынан тарта жаңы төрөлгөн балдарга төлөнүп баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева кабарлады.
Анын айтымында, мыйзам 1-январда күчүнө киргени менен азырынча эч ким сүйүнчү пул ала элек.
"Жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү акча алуу үчүн ата-эне жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып, өздөрүнүн паспортун, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат тапшыруусу керек. Ата-эне сүйүнчүнү бир жыл аралыгында алууга укуктуу. Бала бир жаштан өтүп кеткенден кийин кайрылса, акча берилбейт. Сүйүнчү акча ар бир балага берилет. Эне үч эм төрөсө ар бирине ала алат. Бирок өкмөттүн 370-токтомуна ылайык баланын жашаган жерине жараша төрт миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болмокчу. Азырынча сүйүнчү алуу үчүн жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына канча адам кайрылганы белгисиз", - деди Турганбаева.
Ал белгилегендей, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.



2018-жылдын 1-январынан тартып ар бир
жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө 4
миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилет.
Ал баланын ата-энесинин канчанчы баласы
экенинен көз каранды эмес, ар бир
ымыркайга бериле турган акча. Бирок эгер
баланын ата-энеси ымыркайды балдар үйүнө
өткөрүп берүүнү чечсе сүйүнчү акча
берилбейт. Сүйүнчү акча - ар бир төрөлгөн
ымыркайга бир жолу берилүүчү каражат.
ЖӨЛӨК ПУЛДАР 3 ЖАШКА ЧЕ
ЖӨЛӨК ПУЛДАР 3 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ
БАЛДАРГА БЕРИЛЕТ
Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир балага
төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин ай сайын
700 сомдон (жети жүз) жөлөк пул берилет.
Эми үй-бүлөнүн социалдык абалы, тапкан
кирешеси текшерүүгө алынбайт. 700 сомдон
жөлөк пул - ар бир 3 жашка чейинки балдарга
текши берилүүчү каражат.
"ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК" АКЧА КИМГЕ БЕРИЛЕТ?
Эгер сиздин 3 же андан көп балаңыз бар
болсо "Үй-бүлөгө көмөк&q
"ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК" АКЧА КИМГЕ БЕРИЛЕТ?
Эгер сиздин 3 же андан көп балаңыз бар
болсо "Үй-бүлөгө көмөк" акчасын ала аласыз.
Анын тиешелүү шарттары бар. "Үй-бүлөгө
көмөк" акчасы көп балалуу үй-бүлөлөрдү
колдоо максатында берилгендиктен 1-2-
балдарга чыгарылбайт. 3-балаңыздан баштап
3 жаштан 16 жашка чейинки балдарыңызга ай
сайын 500 сомдон көмөк акча чектелет.
Көмөк акча балдарыңыз 16 жашка толгондон
кий
Көмөк акча балдарыңыз 16 жашка толгондон
кийин токтотулат. Көмөк акча үй-бүлөнүн
социалдык абалына карабай, текши берилет.
(Мисалы: Сиздин 5 балаңыз болсо улуу эки
балаңызга көмөк акча чыгарылбайт. 3-4-5-
балаңызга 3 жаштан 16 жашка чыкканга
чейин ай сайын 500 сомдон көмөк акча ала
аласыз).
АТА-ЭНЕДЕН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
2018-жылдын 1-иш күнүнөн тартып ата-энелер
жашаган жеринен (катталган эмес, жашаган
жеринен) маалым кат,
АТА-ЭНЕДЕН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
2018-жылдын 1-иш күнүнөн тартып ата-энелер
жашаган жеринен (катталган эмес, жашаган
жеринен) маалым кат, өздөрүнүн
паспортторунун жана балдардын күбөлүгүн
алып өзү жашаган аймактын социалдык
коргоо башкармалыктарына кайрылуусу
керек. 10 күндүн ичинде сиз тапшырган
документтер катталып, талаптарга жооп берсе
кийинки айдан тартып тиешелүү жөлөк пул же
көмөк ачка бериле баштайт. Акчалар банк
аркы