super.kg logo

Депутаттар өкмөттү экологияга көңүл бурууга чакырышты

 

Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында экологиянын булганышын алдын алуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев жаңырган 2018-жылы өзгөчө экологияга көңүл бурууга чакырды.

"Бүгүнкү күндө Бишкектин абасынын тазалыгына Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги же Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция – кайсы мекеме жооптуу экени түшүнүксүз. Бишкектин экологиясына өзгөчө басым жасап, борбор калаабызды жашыл шаарга айланталы”,- деди Бекешев.

Депутат Аалы Карашев коомчулукта экология маселеси абдан талкууланып жатканына токтолду. Ал Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон модернизацияны элге көрсөтүп, өкмөттөн толук маалымат берүүнү сурады. Мындан сырткары Карашев абанын булганышына себепчи болгон автоунаалардын көбөйгөндүгү боюнча унааларды газга өткөрүү менен абага зыяндуу заттар азыраак чыгарын билдирди.

Ал эми депутат Бакирдин Субанбеков экологиялык булганычтарга жол берген мекемелерди текшерүүгө алууну сунуштады.

Бишкек жылуулук электр борборунан чыккан түтүндүн нормасын текшерип коюуну сунуш кылам. Жергиликтүү жашоочулардын айтуусу боюнча, Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдон түнкү саат 12ден кийин жыт чыгат. Экологияга көңүл буруп, бул маселени карап чыгыш керек", - деди Субанбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
04.01.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пахта койор депутатар бугун сол жамбашынар менен тургансынарбы же туркмондордон жуктубу ошондой эле экологияны коргогунар келсе кумторго жака келгиле кандай бузулуп жатканын билесинер,жон койсо бирин бизди суйлобо деп экинчин экология деп ошончо техникасы коп Москва унчукпай журотко силердин эмне кылатурган ишинер жокбу бир нормально!!!
Suzak12 түзөттү 2018-01-04 13:12:09
04.01.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тормоз депутаттар! Экология нормада Кытайлар иштеттип жаткан цехтерди заводторду. Текшерип налог алып , мамлекеттин (озунор эмес) бюджетине тушурсонор жакшы болот эле.
04.01.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан коро миграциянын агымын аздап токтоткула президентский выбордо президентинер кылам деген иштерин кылбайбы?Же булда мени алдашты иштетишпеди бир жыл иштедим беш жыл алдандым деп экс анан эл баатырын алып кетеби?!Примерда жыргатпады!Президентинер алты жылдан кийин менин укам ишенем калган кочту улайт деп президент кылып кетеби?!!!
Azatbek83 түзөттү 2018-01-04 13:35:28
04.01.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайлардын заводтору и цехтери ото коп уулу зат чыгарып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: