Бишкекте 10 күндө жүргүнчү ташыган 15 кичи автобус каттамдан четтетилди
17-майдан 27-майга чейин Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлери кичи автобустардын техникалык, санитардык абалын жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында шаар боюнча техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 15 кичи автобус кемчиликтерин жойгонго чейин жумуштан четтетилди. Азыркы учурда кичи автобустар менен иш алып баруу күчөтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

