super.kg logo

Окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан Кочкордогу Туз айылдык мектебинин курулуш каражаттары текшерүүгө алынды

 

"Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылдык мектебинде окуучулардын баш оорусу көбөйүп, айрымдары эсин жоготуп жыгылып жаткан. Алар массалык түрдө эмес, бирок ошондой учурлар катталып турган", - деп билдирди бүгүн, 4-январда Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков SUPER.KG порталына.

Өзүбековдун маалыматына ылайык, Жунушаалы кызы Сайнап атындагы Туз орто мектебинин мугалимдеринин жазган арызынын негизинде райондук билим берүү бөлүмү жеринен мектепти көрүп кайткан.

"Бул мектеп 2005-2006-жылдары Корея тарабынан жардам иретинде курулуп берилген. Имаратты бат салып бүтүрүүчү атайын курулуш каражаттары пайдаланылган. Полу жылытылуучу пол болгондуктан, кышкысын от жакканда полдон башты оорутуучу жыт чыгышы мүмкүн деп жазышкан мугалимдер арызында. Биз экотехинспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте барып имаратка керектелген курулуш каражаттарынан текшерүү үчүн алдык. Нарында тиешелүү лаборатория жок болгондуктан Бишкекке жөнөтүлдү. Азырынча жыйынтык чыга элек", - дейт Өзүбеков.

Ал белгилегендей, мектеп 250 балага ылайыкталып курулган. Балдардын баш оорусу, кээде эсин жоготуп калганы акыркы 2-3 жылда билине баштаган. Бирок эч ким бул абалга имараттагы курулуш каражаттары таасирин тийгизиши мүмкүн деп ойлогон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
04.01.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текшериш керек. Бизда мурун 105сериядагы эски уйдо жашачубуз жакшы эле оорубай эле дегендей анан 10жыл мурун мамлекет тарабынан курулуп ИИМдин кызматкерлерине берилген уйго кочуп жашап калдык 3ай болду башым эле ооруйт башым эле ооруйт тунуда,уктасамда,турсамда даары ичсем 2саатка басылат кайра ооруп баштайт кочого чыксам башка бироонун уйундо болсом дакшынакай эле журо берем мен эшик терезесинен кумонум болуп атат анткени пластиктен экен коз карандысыз экспертиза кылдырсамбы деп журом
04.01.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чон Туз айылдык мектеби деп туура жазсанар!...
04.01.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aziiiz, саламатсызбы! Маалымат такталган.
04.01.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны салынып буткон жылы окуган элем да, баары жакшы болуп кетсе экен. Жайкы каникул убагында эле салып бутуруп коюшкан болчу да
Sabway түзөттү 2018-01-04 16:57:18
04.01.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытай корейстер арабы дагы башкасыбы! Жакшы ниети менен жардам берерине такыр ишенбей! Кыргызстандыктар колубузду сунуп
Озубузду коргобосок. Бизге эч кимдин башы оорубайт.
04.01.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
jaskaaa,Корейлер оздору курбай акчасын которуп берет, аны биздин ач коз куруучу фирма арзан материалды алып кымбаттын ордуна киргизип жабышы мумкун. Цементти растворду ват кургатуучу антифриздер ото уулуу деп уккам.
04.01.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Китайский мектеп
07.05.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун куруучулар курганда арзан сапатсыз химикатан жасалган материялдар менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: