Быйыл электр энергиясына карата жаңы тарифтер киргизилиши мүмкүн
Быйыл электр энергиясына карата жаңы тарифтер киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.
Ал электр тармагынын карызы 101 миллиард сомдон ашуун экенин белгилеп, бул карыздарды жабуунун жалгыз жолу тариф саясатына кайтуу экенин айтты.
Депутат Эмил Токтошев: "Мындан ары тарифтин баалары өзгөрбөйбү, ушул бойдон сакталып калабы?" деп суроо салды. Калиев ага: "Мен андай деп айта албайм. Анткени Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2018-2023-жылдарга карата тариф саясатын иштеп чыгат. Бирок бүгүн көп депутаттар туура пикирлерин айтышты. Тарифти биз кайрадан сөзсүз карап чыгышыбыз керек", - деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Бишкектин жаны конуштарына же айылда карапайым үй бүлөө менен 1жума жашап көргулөчу. Анан акылынар болсо ойлонмоксунар.
Ал эми электр энергиясын 70 тыйын болбосо, 80-90 тыйын кылсын да, 2,16 сом деген тарифтерди жоюп салышсын...
Биз учурда электр энергиясын импорттобогондон кийин, эмнеге 800кВттан ашса 2 сом 16 тыйындан толошубуз керек, кана кайсы депутат же министрин тушундуруп бере алат?!!