Эки Кыргыз жараны Орусияда бут кийим цехинен чыккан өрттөн каза болгону айтылууда. Тилсиз жоодон баш-аягы 10 адам көз жумду
Бүгүн, 4-январда Орусиянын Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, 10 адам каза болду. Алардын экөөсү Кыргыз өлкөсүнүн, бири Орусиянын, жетөө Кытай Эл Республикасынын жарандары экенин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт кырсыгы боюнча маалымат жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 чамаларында келип түшкөн.
"Өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге барып, учурда өрттү өчүрүп бүтүштү. Каза болгондор бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан", - деп айтылат маалыматта.
Новосибрскиде чыккан өрттө 2 Кыргыз каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Кимдир бироонун ай чырактай кыздары да. Карындашы. Синдиси. Эжеси.(( Жакындарына Сабыр берсин Аллахым...