super.kg logo

Депутат Бишкек ЖЭБи кызматкерлердин бир орундан экинчи кызматка которулганына 12 миллион доллар коротконун айтып сындады

 

Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында энергетика тармагынын 2017-2018-жылдарга болгон карызын кечиктирип төлөөгө уруксат берүү боюнча өкмөттүн токтому каралды. Анда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев энергетика тармагына алынган карыздын көлөмү 100 миллиард сомдон ашканын айтты.

Депутат Алтынбек Жунус уулу аталган тармакка алынган насыялар жакшы натыйжа бербей жатканын жүйө келтирип, карыздарды натыйжалуу иштетүү керектигин эскертти. Эл өкүлү менчик компанияларда өнүгүү байкалып, ал эми мамлекеттик компаниялар кирешеге чыга албай жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Бишкекте жана башка аймактарда көптөгөн менчик компаниялар өсүп кирешеге чыгып жатат. Биз сиздин башкарууңуздагы өзгөрүүлөрдү күтүп жатабыз. "Чыгышэлектр" жана башка компаниялардын жетекчилери ыйлап жүрүшөт. Чоң төлөм төлөй турган комбинаттар, мисалы, "Макмал", "Кыргызское взморье" жана башка компаниялардын баарын менчик компаниялар тейлейт. Ал эми калк менен "Чыгышэлектр" өзү калган.

Мындайда кантип өнүгөт? "Кумтөр", "Казахмыс" дегендерге электр энергиясын 5 сомдон саткыла. Ошондо силер кирешеге чыгасыздар. Насыяны 20 жылга алып жатабыз. 100 миллиардды элге жумшасак кандай натыйжа бермек. Бул деген элдин акчасы. Айла жоктун мыйзамы катары карап жатабыз", - деди Жунус уулу.

"Насыя алып натыйжалуу иштешин да карасаңыздар. Анткени Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) берилген 386 миллион доллардын 12 миллиону кызматкерлердин бир орундан экинчи орунга которулганына жумшалат экен. Бул эмне деген эсеп? Ушул жагын да карасаңыздар, ар бир тыйын натыйжалуу иштетилсин", - деп кошумчалады депутат.

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев "Макмалды" тейлөөнү мамлекеттик компания кайра алганын айтты. "Убагында менчик компанияга кетип калган экен. "Кыргызское взморье" да бүгүн бизге өттү. "Алтын кенди" да кайтаруу иштери жүрүп жатат", - деп жооп берди Калиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.01.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчнерсе дейм албайм да эчнерче эччнерсе
04.01.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллион долларлар бийликтегилерге акча болбой калыптырго а карапайым адамдарга эле кыйын.
05.01.2018. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тириктееер Карапайым элдики 101 сом болсо, төлөө убагы бир күн өтүп кетсе сразу 266 сом айып саласыңарго. Безилдетип төлөтөсүңөр. Ошондо да Өнүгө албай атасыңарбы?? Жеп жутарлар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: