Өкмөттө Жаңы жыл майрамында өлкөдөгү коомдук тартипти камсыз кылуу ишинин натыйжалары талкууланды




Бүгүн, 4-январда премьер-министр Сапар Исаков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ички иштер министри майрам күнү өлкөдөгү коомдук тартипти камсыз кылуу ишинин натыйжалары тууралуу маалымат берди.
Министрдин айтымында, майрам күнү аталган министрликтин бардык түзүмү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Ал билдиргендей, республикада стабилдүүлүк сакталды.
Өкмөт башчы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгындагы реформаларга токтолду. Исаков жол коопсуздугун сактоо үчүн кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.