super.kg logo

17 жыл унаа жууп, 4 баласын баккан Асыл Төлөевага кайрымдуу жарандар үйдүн ачкычын тапшырды

 

Өткөн жылдын март айында маршруттук унааларды жууп, 4 баласын багып келе жаткан жалгыз бой эне, Асыл Төлөева аттуу аялдын тагдыры тууралуу чагылдырылган.

Анда 59 жаштагы Асыл Төлөеванын 30 жылдан бери үйү жок, батирлеп жашап жатканы баяндалган. Андан соң Төлөевага боорукер жарандардын көңүлү бурулду. Жеке ишкер Азамат Байматов Асыл Төлөеванын аянычтуу тагдырына кайдыгер карай албай, Чүй облусунун Сокулук районундагы Алтын-Ордо конушуна 4 бөлмөлүү үй салып, ачкычын бүгүн, 4-январда колуна тапшырды.

"Асыл апанын тагдырын SUPER.KG порталынан көрүп, жүрөгүм ооруду. Эненин көз жашын карап тура албай, жардам көрсөтүүнү туура көрдүм. Бул үйдү жаз мезгилинде куруп баштап, жаңы жылга чейин салып бүтүүгө үлгүрдүк. Өткөн жылдын эсебинен 7 облустагы жардамга муктаж 7 үй-бүлөгө үй куруп бердик. Чынында бул аракеттердин ишке ашуусуна кайрымдуу жарандардын жардамы чоң", - дейт Байматов.

Жаңы үйдүн босогосун аттап, кубанычы коюнуна батпай турган Асыл Төлөевада бүгүн кош майрам. Ал 60 жаш мааракесин жаңы үйүндө белгиледи. Анын ак өргөөсүн жана туулган күнүн куттуктап ырчылар Салима Балтаева, Гүлзат Байзакова, Жайнагүл Калчаева, куудулдар Борончу Кудайбергенов, Рысбек Жантөрөев, төкмө акындар жана башка маданият өкүлдөрү келишти. Алар келген коноктордун маанайын көтөрүп, чакан ыр-белектерин тартуулашты.

Асыл Төлөева жайы-кышы дебей №344-каттамындагы маршруттук унааларды жууп, күнүнө болгону 150-200 сом таап келген. Башка жумушка кирейин десе ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызын таштаганга киши жок болчу. Эми муздак сууга колумду салбайм деп сүйүнөт эне.

"Мен үчүн 2017-жыл кубанычтын жылы болду. Көптөн берки кыялым орундалып 4 бөлмөлүү үйлүү болдум. Кудайга шүгүр, өмүр бою иштеп жетпеген үйгө эми жеттим. Менин кубанычыма себепкер болгондорго ыраазымын, эгер тагдырым тууралуу маалымат чыкпаса, дале суукта пол жууп иштеп жүрмөк белем, ким билет? Азамат Байматовго рахматымды айтам", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(26)
04.01.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маданият окулдору ыр белектеринен да башка белектерди бериштиби
04.01.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
sely, Ыраазы болчу ошонусуна дагы, ач коздонбой
04.01.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aibars,Маданияттын эмнесине ыраазы болот? Же ырдап бергенинеби?)
04.01.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
FIFA7, Сен барып бир нерсе кылып койдунбу? Ырдап беришсе дагы конулун которуп ыр ырдап беришкен экен.
04.01.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
aibars, Тема сен экообуз жонундо болуп жаткан жок. Соз таппай калсанар эле чычалап адамдын озуно секире баштайсынар е?))))).
05.01.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
FIFA7, Сен башка бироолордун ордуна ыраазы болуп койсон оорчулук болбойт. Апа ушунча жыл кыйналган экен оорчулукта, ырчылар келип апага ырдап берип конулун которуп колунан келген жакшылыгын кылган. Эгер колундан келсе эжеге барып жардамынды кылып кет, бироолорго сын такпай.
04.01.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодцы шоу бизнес өкүлдөрүнө!
Кайсы депутат кайсы министрлердин колунан келип атыптыр
04.01.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушундай адамдар коп болсун...
04.01.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллах ыраазы болсун!!! Элибизде ушундай кайрымдуу адамдар көп болсун!!! Оомийин..
04.01.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат! Атыга заты жарашкан бала экен.Акжол оргоонуз кут болсун Эже
04.01.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тегеле жакшы болгон турбайбы. Уй куруп берген адамдарга Аллахым кучагын жая берсин чондордон,байлардан 50минден алып чогултуп жылына 7 обл уй салып беришсе гана. Бири бирибизди угуп ынтымакта бололу
04.01.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанагы пайдасыз, мусор болгон кочмондор оюнуна короткон 300 млн сомго, орто эсеп менен эсептегенде, бир млн сомго чакан бир уй келсе, ошондо 300 ушундай кыйналган адамдар уйлуу болуп калмак экен. Ал 300 млн акчаны .ок курсактар .окко коротуп жок кылышат, кыйналгандардын каргышы тийгирлегир. Пс Азамат бро молодец экенсиз, эми тиги учем баласы менен батирлеп жашап жургон эженида карап койсонуз соонун болмок.
04.01.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат Байматов иниме миңден бир рахмат! Кылган сооп иштериңе Кудайдын батасы болсун!
04.01.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
grace,Азамат Байматов футбол ойногон бала беле?
04.01.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
netsa, Жок, башка бирок ф.и сы окшош).
04.01.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Пайгамбардай жигиттер бар минерге эшеги жок/эшектей жигиттер бар,байлыгынын сандарына эсеби жок. Баракелде жасаган эмгегиниз учун.
04.01.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алла ыраазы болсун салым кошкондорго,кана эле биз да бироого пайдабыз тийип суйунтсок.
04.01.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ыраазы болсун! Кайрымдуулук кылып жардам берген инсандарга.
04.01.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец
04.01.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах ыразы болсун бул жаңылык аябай мени кубантып жиберди Аллах өзү колдосун баарыбызды аамин.
04.01.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият адамдары ырдап кана эмес жардам да беришет
04.01.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ма шаа Аллах соонун уй
04.01.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Байматовго чоон рахмат сенин пендеге кылган жакшылыгын кудайдан кайтсын
05.01.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай азамат Азамат,атына заты жарашкан жигит экен..ушуну менен 3-4 жолу окудум бул жигит жөнүндө кайрымдуулук иштерин кылганын.. Биз болсо отурабыз кайдагы бир болбогон ууру кески саясатчылар үчүн айтышып, жаман-жакшы көрүнүп бири-бирибизге..
05.01.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу баланын кайрымдуулук иштерин коп угабыз. Бар бол,Кыргызда сендей уулдар коп болсун Азсмат!!!
05.01.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жакшы адамдар бар экендигине, бул жакта туруп мен кубанып жатам,Ак оргонуз кут болсун,ак жолтой уйлордон болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: