Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган түркиялык студент окуудан чыгарылды
Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган түрк студенти окуудан чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Ал студенттин жасаган видео кайрылуусу үчүн чара көрүлүп, кайра орношо албай турган болуп, биротоло окуудан чыгарылды. Жарыяланган тасма окуу жайдын көз карашына туура келбейт. Биздин окуу жай түрк тилдүү элдердин ынтымагын бекемдөө максатында түзүлгөн. Ал эми студенттин айткан сөздөрү анын жеке пикири", - деп билдирди маалымат кызматы.
Айта кетсек, Өмер Йенер аттуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин теология факультетинин 1-курсунун студенти Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган сөздөрү менен Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялаган. Ал тасма интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. Интернет колдонуучулары ошол күндөн баштап студентти окуудан чыгарып, кылмыш жообуна тартууну талап кылып келишүүдө. Кийинчерээк студент Жаңы жыл тосуу учурунда айткан сөзү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган болчу.



Биздин Жерде кууп салгыла
Итак еле башка улуттар кутуруп атышат
Сабак болсун!!!
Менимче бул туура эмес... Кыргызстан да квота киргизип ар жылы 200-300 гана Туркиялык абитуриент кабыл алышы керек..
Менимче буларга да чектоо киргизуу керек... Озубуздо сапаттуу медиктер жетишпейт дагы, пакистандык студенттерге конул болушубуз керекпи?!!
Эл талаалап тентип журсо жумушсуздук, жокчулуктан, бийлик элдин акчасына кочмондор оюнун откоруп тойлогонуна каршымын...
Бирок элдин жаны жыл майрамдаганын сындоого эч кимдин, айрыкча ошол турктун арасынан калган акысы жок!!!
Турктор жаны жыл майрамдабаса, биз да майрамдабашыбыз керекпи?!!
Ошол турк акылдуу, билимдуу болсо сынактан жакшы упай алып, учурда Туркиянын университеттеринде окуп жаткан болоор эле го?!!
Биз эн алдынкы окуучуларыбызды чет олколорго билим алууга жонотсок, бизге Туркиянын билими томон, начар окуучулары келет, бул факт!
Эми ошондо бир турк бизге акыл уйротту деп айткын барбы?!! Биздин эл (бийлик эмес) жаны жыл майрамдайбы коебу, ал турктун иши эмес!
Кыскасы видео баштан-аяк мазактоодон турат...
Мындайларды geri zekali деп коет...
Туркиянын тушунугу томон двоичниктери келип бизге акыл уйротот имиш!!! Ошол акыл оздорундо болсо, Кыргызстанга келмек беле, Туркияда мыкты университеттер турганда.
Турктордо жаны жыл майрамы жок, бизге окшоп фейервек ата беришпейт, ошондо алар Жаны Жыл тоспогону, фейерверк атканды билбегени учун биз куноолубузбу?!! Же биз да аларга окшоп Жаны Жылды майрамдабай коюшубуз керекпи?!! Карызды Окмот алган, эл эмес, ошондо эл карызыбыз бар деп аза кутсунбу?
Экинчиден мындан ары Туркиядан келчу студенттер квота менен келсин, квота 200-300 туркиялык абитуриентке эле берилсин, андан ашыкчасы киргизилбесин Кыргызстанга!!!