super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абаддагы митингчилер тарашты

 

"Жалал-Абад облустук администрациясынын алдындагы өтүп жаткан митинг аяктады". Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кабарлангандай, “ата журтчу” депутаттарды колдоп чыккан 1000дей киши дээрлик тарап, аянт бошоду. Чогулгандар өкмөт башчыдан камактагы депутаттарды актап чыгарууну талап кылышты. Ал эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сот иши бүтө электигине байланыштуу аларды чыгарууга азыр болбой турганын билдирди. Учурда обладминистрациянын имаратынын ичинде айрым энелер гана калышты. Эске салып кетсек, Жалал-Абаддагы митинг 31-майда башталган. Жети-Өгүз районунда "Кумтөр" ишканасына байланыштуу өткөн митингге тилектештик билдирүү, "ата журтчу" 3 депутатты бошотуу талабы менен башталган нааразычылык акциясы бир катар баш аламандыктар менен коштолду. Митингчилер облус жетекчиси Жусубали Төрөмаматовду обладминистрациядан кетүүгө мажбурлашып, анын ордуна Медер Үсөнов аттуу "ата журтчу" өзүн "элдик губернатормун" деп жарыя кылган. Андан соң Үсөнов УКМК тарабынан кармалып, чогулгандар 2-июндан 5-июнга чейин Ош-Бишкек трассасын тосуп турушту. Кечээ ЖКнын 4 депутатынын кепилдиги менен бошотулган Үсөнов бүгүн, 5-июнда Жалал-Абадга барып, аталган унаа жолу ачылган. Ушул эле күнү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да Жалал-Абадга барып, митингчилер менен жолугушуу өткөрүп, соңунда тараптар бир чечимге келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: