super.kg logo

Беларуста 3 наристе бала бакчадан чыгып, поезд менен шаар кыдырып кетишкен

 

Беларустун Светлогорск районунда 3-4 жаштардагы 3 наристе бала бакчадан чыгып, поезд менен шаар кыдырып кетишкен. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Ага ылайык, 3-январь күнү Светлогорсктогу бала бакчалардын биринен 3 бала дайынсыз болуп чыккан. Алардын мекемеде жок экендиги ата-энелери кечинде балдарын алып кетүү үчүн келгенде гана белгилүү болгон.

"Ата-энелер бала бакчанын кызматкерлери менен биргеликте дароо милицияга кабар берген. Жоголгон балдарды тартип сакчылары маалымат түшкөндөн 40 мүнөттөн кийин табышкан. Кичинекей "саякатчылар" бала бакчадан чыгып, коңшу райондогу Жлобин шаарына бара жаткан поездге отурушкан. Аларды поезддин коштоочу кызматкерлери көрүп, милицияга кабар берген. Балдар Жлобиндеги милиция бөлүмүнө жеткирилип, издөө жарыялангандан кийин Светлогорск райондук милиция кызматкерлери аркылуу ата-энелерине өткөрүлүп берилген", - деп билдирген милиция кызматкери Дмитрий Исаенко.

Балдардын биринин апасы: "Балам үйгө барам деп ойлосо керек, анткени биз бир жолу поезд менен кеткенбиз", - деп айткан.

Бала бакчанын жетекчиси балдарын алганы келген ата-энелердин бири дарбазаны жаппай кеткенден улам, бөбөктөр чыгып кетиши мүмкүн деп билдирген. Бала бакча бекеттен алыс эмес жайгашканы менен, ага баруу үчүн темир жолду кесип өтүү керек экендиги жазылат кабарда. Балдар бала бакчадан кантип чыгып кетишкен жана алардын ата-энелери келгенге чейин эмнеге кызматкерлери кабардар болушкан эмес? Бул боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш жарыяланган. Ошондой эле бала бакчанын тарбиячысы жумушунан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.01.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кичинекей саякатчылар
05.01.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бакиев куноолуу!- деп койсо ...
05.01.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
05.01.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы табылып калыптыр.аман-эсен,Абилбарс кулдурдун
05.01.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хулигандар десе)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: