Каталония эгемендүүлүк алса футболчу Лионель Месси башка клубга бекер өтөт
Каталония Испаниядан бөлүнүп, эгемендүүлүк алса Лионель Месси "Барселона" футболдук клубунан бекер кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.
Маалыматка караганда, Каталонияда туруксуздук абал орун алганга байланыштуу футболчу менен клубдун ортосундагы түзүлгөн жаңы келишимде тараптар Мессинин кете турган шарттарын макулдашкан.
"Эгерде Каталония Испаниядан бөлүнүп жана "Барселона" клубу Испания, Франция, Англия жана Германия лигаларында ойнобой калса Месси башка клубга бекер өтөт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2017-жылдын ноябрь айында Лионель Месси каталондук клуб менен жаңы келишим түзүп, эң көп маяна ала турган футболчусу болгон. Ошондой эле Мессини келишим бүткөнчө сатып алуу 700 миллион еврого бааланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Бул атасы экоонун алкымы чон.
200 ашык миллиондон суйлойт.