Өлкөдө сентябрдан тарта мектептердеги окуу китептери ижарага бериле баштайт
Кыргыз жеринде 2018-жылдын сентябрь айынан тарта мектептердеги окуу китептери ижарага бериле баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы окуу китептери боюнча координатор Уланбек Мамбетакунов билдирди.
"2017-жылдын октябрь айында чыккан токтомго ылайык, аталган жылы Чүй облусунун Жайыл айылындагы 39 мектепте 1-4-класстын окуу китептери ижарага бериле баштаган. Ал эми 2018-жылдын сентябрь айынан тарта бул систем Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мектептерге киргизилет. Учурда ар бир мектепке канча китеп жетишпей турганын аныктап, 6-класска чейинки окуу китептерин даярдадык. Сентябрдан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар 1 китепти 25 сомго ижарага ала башташат. Ошондо бир окуучу жылына 10 китеп ала турган болсо, баасы 250 сомду түзөт", - дейт ал.
Ошондой эле 6-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучуларынын китептери 2019-жылдан тарта ижарага бериле баштай турганын кошумчалады.


Окуучулар бекер колдонушканы үчүн тазалыгына тышына анчалык көңүл бурушпайт эле ...Ата-энелерда акча беришкендиги үчүн эми көзөмөлдөп турушаар .Чоңдорубузда акчаны китептерге коротушуп мектеп куралдарындагы кемчилдиктерди жоюшса жакшы болот эле.....А БИРОК АНДАЙ БОЛБОСО ТОПТОЛБОГОНУ ЖАКШЫГО..
Карапайым эл телефонго айына 150-200 коротот, ал да керек болгону учун коротот...
Карапайым уй-булолор балдарына тын кийим алып берууго шарты жок отурганда кайдагыны айтып тантып жатасынар?!!
Мисалы бир мугалимдин бир айлык маянасы болгону 7000-8000 сом болсо, ушул акчага свет ж.б. акчасын, жер, суу салыгын толойбу, уй-булосуно кийим алабы же уй-булосунун курсагын тойгузабы же китеп ж.б. толойбу?
Баса, министрлик мекиептерге берилуучу китептерди базарга алып чыгып сатып "бизнес" кылып жатканы аз беле?!!
Милоиарддаган акчаларыбыз максатсыз сарпталат, ошолорго мектеп, бала-бакча, оорукана куруп, китеп чыгарып, пайдалуу иш жасаса болмок го, элден 99 турдуу салык чогултпай...
Озун ойлонуп корчу, китептерди мамлекет заказ кылып бастырса, ал китептер мектептерде жок, базарда бар, муну кандай тушунсо болот?!!
Эң кызыгы 7-11 класстын китептери библиотекада чирип кетпесе эле болду. Аларга бекер берип алдыра албайт элең акчага десең кечирип кой чырагым дешетко)
Эми шайлорго канча акча чачылды. Эми ошону толукташ керек. Комускодогу максат