super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Январь айынан тарта сасык тумоого кабылгандардын саны көбөйөт"

 

Кыргыз өлкөсүндө январь айында ОРВИге чалдыккандардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул илдетке жана сасык тумоого кабылгандардын саны жыл сайын күз жана кыш мезгилдеринде өсөт.

"2016-жылдын декабрь айында ОРВИге көп адам кабылган. Алардын ичинен 70 пайызы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр эле. 2017-жылдын октябрь айынан тарта бул ооруга кабылгандар көбөйсө, 25-декабрдан 31-декабрга чейин мурунку жумаларга салыштырмалуу ооруган адамдардын саны 23,3 пайызга азайган. Ал эми 2018-жылдын январь айынан тарта мурунку жылдардай эле сасык тумоо жана ОРВИге чалдыккан адамдардын саны өсүшү күтүлүүдө. Колдон келишинче ар бир адам өзүнө сак болууга аракет кылуу керек", - дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди "чеӊгээлинен" чыгарбайт. Убагында дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
05.01.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кобойот дегени кандай? Кобойушуно жол бербей элге сак болууга кенеш бербейби? Сактануунун жолдорун жеткирбейби? Кобойот деп коюп отура бербей. Кызык!
05.01.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adi.Avazbekov,кобойгондо эмне мамлекет куноолуу у? Кызык! Алдын алгыла деген конгуроо да бул. Баарына эле мамлекетти куноолобой алдын алсак бо́лобу
05.01.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HanTegin,эл куноолубу?
05.01.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adi.Avazbekov,Эл дагы куноолуу эмес. Мамлекет деле куноолуу эмес. Табигый нерсе да бул. Ар бирибиз озубуз алдын алышыбыз керек. Сактансан сактайм дейт. Кийинки убакта байкасам баарына эле мамлекетти куноологон адамдар да.
06.01.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HanTegin,туура айтасыз кээ бир адамдар чычып алсада мамлекеттен корот.
05.01.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саны көбөйөт... деп министирлик дөөдүрөп калгансыңарго ошонун ордуна ооруунун алдын алалы аракетибизди кылып атабыз деп кичине элге жакшы кабар угусаңарбы же жокпу тойгуздуңар шу ак үйдөгүлөр
05.01.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобойот деп суйунчулобой, алдын алып пункттарды ачып даярданбайсынарбы, дагы бир пунктта 200 дон ашык жаш балдарды пробка кылып кабыл албай).
05.01.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозунарга ташшш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: