super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эгер 1 миллион доллар таап алсам, памирлик кыргыздарды көчүрүп келмекмин"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "1 миллион доллар таап алсаң эмне кылмаксың?" деген тема талкууга алынган.

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Таап алсам ээсин издемекмин, себеби ал да бирөөнүн ырыскысы да. Өзүң иштетсең баары бир жукпайт, берекеси жок болот".

"Мен дароо эле ал акчаны мамлекетибиздин бюджетин толтуруу максатында президентке же финансы министрине алып барып бермекмин. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө коротуп жатышкандарын көзөмөлдөп турмакмын".

"Мен жоготкон адам гана түшүнө тургандай кылып жарыя бермекмин. Эгер бир айдын ичинде эч ким келбесе, ал акчага жакындарыма олчойтуп-олчойтуп белек алып, муктаж кошуналарыма садага бермекмин, апамдын юбилейин өткөрмөкмүн. Үй-бүлөбүз менен чет жакта эс алып келмекпиз. Оңой табылган акчаны оңой коротмокмун, бизнеске жумшамак эмесмин".

"Банктагы эсебиме акчам көбөйө берсин деп кошуп коймокмун".

"Мен болсо бир чоң тигүү цехин ачмакмын. Негизи эле Кыргыз өлкөсүнүн кийимдери Түркиянын, Кореянын кийимдеринен озуп кеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Өлкөбүздө ушунчалык таланттуу уздар бар, аларды алып келип ишканама иштетип, айлык акысын жакшы төлөп бермекмин. Анан биздин кийимдерибиз бүт дүйнөгө тарамак. Ошондой эле тигүүчүлөрдүн мектебин ачып, мектепке таланттуу кыздар-балдарды окутмакмын. Аларга тажрыйбалуу, улуттук деңгээлдеги жана заманбап мугалимдер сабак бермек".

"Ата-энемди камсыз кылып, бир туугандарыма, бей-бечара, карылар үйүнө, балдар үйүнө салымымды кошмокмун. Анан тиги Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келмекмин. Анан, албетте, өзүмдүн ден соолугума жумшап, калганына чакан бизнес ачмакмын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
05.01.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээх торт аял алмакмын, эээх атанын кулагы
05.01.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
suban78, Брат эркекчесин и ток этер жерин айттын, ташта бешти))).
06.01.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 жылда шыйрагың чыгып, кабыргаларың саналып калмак анда.
05.01.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1 million akchanyz jok dechi birok al anchalyk dele kop akcha emes aitkannardyn baaryna jetkidei :)
05.01.2018. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен 1.мил доллар таап алсам уч жолу кимдики деп бакырам ээси чыкпаса омурткама операция жасатат болчум 6.жылдан бери умутум басып кетиш
05.01.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek56,а мен таап алсам сизге операция жасатканга бермекмин.калганына Москвадан 1квартира сатып алмакмын.
06.01.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары эле кайтармакмын,ээсин издемекмин дей беришиптир,калп эле болсо да.
06.01.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анча акча таап алсак эч кимибиз кайтарбасак керек мындай шанс ар дайым эле боло бербейт деп.Мен таап алсам аркамы карабай Крга балдарыма кетмекмин,балдарымын жанынан карыш жылбай жанында болмокмун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: