Депутаттар акыйкатчынын "мени отставкага кетиргиси келгендердин абийирин ачам" деген билдирүүсүн сынга алышты
5-июндагы парламент жыйынында айрым депутаттар акыйкатчы Турсунбек Акундун
бүгүн журналисттерге тараткан билдирүүсүн күн тартибине киргизүүнү сунушташты. Буга акыйкатчынын "мени
кызматтан кетирүүгө аракет кылгандардын абийирин ачыкка чыгарам, менде ачыкка
чыга элек көп компроматтар бар, мен бомбамын" деген билдирүүсү себеп болду. "Биз
анын бул айткандарын сөзсүз карашыбыз керек. Анткени бул билдирүү мамлекетте болуп жаткан кылмыш
иштерин жаап жашыруу болуп саналат. Эгерде ал чындап жашырып
жаткан болсо, жоопко тартуу керек",- деди депутат Анвар Артыков
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

