super.kg logo

Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык компания 400 жумушчуну иштен бошотту

 

Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенинде иштеген 400гө чукул Кыргыз жарандары жумуштан айдалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Абдижалил Ташматов билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчулар жаңы жылга карата өзгөртүлгөн келишимге макул болгон эмес. Мындан улам кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 400гө жакын кызматкерди жумуштан бошоткон.

"Негизи жумушчулар менен түзүлүүчү келишим көп жылдан бери эле өзгөртүүсүз келген. Маселенин баары келишимдин узак мөөнөттүү түзүлбөгөндүгүндө болууда. Быйыл компания биринчи жолу кызматкерлерге ушундай шарт коюп жатат. Жаңы келишим боюнча кызматкерлердин айлык маянасы азаят. Ошондуктан кызматкерлер келишимге баруудан баш тартты. Буга чейин кен иштеткен компанияда маселе болуп турган. Бирок биз аны мыйзам чегинде эле сүйлөшүү жолу менен чечип келгенбиз. Бул жолу 400 адамдын жумушсуз калышы маселе жаратып жатат", - деди Ташматов.

Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер эмгектенет. Алардын 400гө жакыны жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыккан. Учурда компания кызматкерлери жок убактылуу ишин токтотууга мажбур болгон. Кызматкерлердин орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.

Айта кетсек, "Иштамберди" алтын кени 2015-жылдын 20-сентябрында ишке кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(19)
06.01.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кенди биротоло жаап салыш керек... Олко боюнча канча алтын-кумуш кени болсо, баары сатылып, казылып, чет жактарга ташылып жатат, алардын эсебин алган эч ким жок...

Бийлик окулдору, Акуйдон кен казылып жаткан аймактагы айыл окмот жетекчилерине чейин баары алтын кендеринде "доляда" отурушат...

"Доляда" отурганы учун да ар качан кен казуучу компаниялардын камчысын чаап, алардын пайдасына чечим чыгарат, тонналап алтын ташып кетип жатышса да кормоксон болушат.
Too-tash түзөттү 2018-01-06 13:40:53
06.01.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумтор кени боюнча канча Окмот алмашса да, жыйынтык жок... Бир кен казуучу компания бир олконун бийлигин опузалап, озу каалаган чечимге жетишип отурат... Анткени Кумтордун "акырынан" олконун эн жогорку бийлик адамдары "жем жейт", алар учун Кумторду элдин кызыкчылыгына ылайык иштоотууго караганда, Центерранын пайдасына ылайык иштеткени ынгайлуу, "доляда" отуруп алышып....
Too-tash түзөттү 2018-01-06 13:41:15
06.01.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иштамберди кени боюнча буга чейин да проблемалар болуп келген, бирок эч качан элдин пайдасына чечилген эмес.

Эми болсо кен казган кытайлык компаниянын акча каражаты боюнча проблемасы бар экен, ошого жумушчулардын айлык-маяналарын кыскартып жаткан имиш...

Тонналап Кытайга руда ташыган компания (ичинде алтын-кумуштон башка да баалуу рудалар бар) миллиарддап акча таап жатып, ошону да аз коруп жатат...

Too-tash түзөттү 2018-01-06 13:44:29
06.01.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озубуздун жарандардын укугун коргоп кайра мурунку келишимин калыпка келтирип жумуш орундарына койдургула биздин байлыктын баарын ташып кетип атып анан айлыктарын кыскартууга укуктары жок, ошол колунардан келер бекен жеп жутарлар, себеп дегенде силерге сугунтуп койгон ошон учун аларга созунор отпойт, негизиле ушу кендеиди жаап салыш керек, элге пайдасы жок, байлыктын баарын чет жака алып чыгып кетип атышат, жаратылышка терс таасирин тийгизет, кесепети элге тийет.
06.01.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми биз олкодогу бардык алтын-кумушту озубуз акысыз казып, Кытай менен Канадалыктарга бут баарын тугол откоруп беришибиз эле калды......

Бийлигин ошол болсо, алтын-кумушубузду коноктор ташып байыйт, озубуз болсо талаалап журобуз биртке тыйын учун...

Анан дагы эмнеге онукпойбуз деп коебуз... Эгер ушул алтын-кумуштор башка мамлекеттики болгондо, катар катар завод-фабрика куруп, онугуп, гулдоп кеткен болоор эле.....
06.01.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кен казган кытайлар болсо кен биздики, аларга караганда биздин кызыкчылык жогору туруш керек!
06.01.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсинердеби АША айткан биз бардык алтын кендерибизди иштетиш керекпиз деп.Биздин атка минерлер кытайлардан оз долясын алып алышкан.Эми кытайлар оз билгенин этишет.Биздикилер аз айлыкка иштешпешсе анда кытайлар келишет анан Кудай сактасын кытайлар басып кетет.Ошону учун АШАны камаш керек.
06.01.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каршыбыз. Тоо кендерди ощубуз жабдык алып келип иштетип туура пайдалансак гана... аттин биздикилер ме деп эле баарын берип тугото турган болдук. Кыталайларды жабдык иштеткенге гана жардамдаш деп калганын озубуз иштетишибиз керек
06.01.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштамбердиде иштеген кытайлык копанияны жаап салыш керек Биз иштеикенге кучубуз да башка нерсебиз да жетет
Мисалы:Терек-Сайда Кыргыз Алтын компаниясы иштеп план толтура алган эмес бирок эле оз алдынча иштегенде бир айлвк пландв эл 10 кундо толтурган...
06.01.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер мен президент болсом, Кумторду иштетууго 2 жыл мораторий, Кумтордон башка олкодогу бардык алтын-кумуш кендерин иштетууго кеминде 20 жыл мораторий киргизмекмин...

Кыргызстанда алтын-кумуш казган бут бардык ишкана жетекчилерин, менеджер, бухгалтер, финансист ж.б.башкаруу звеносунун адамдарын камап, ар бир кен боюнча чон текшеруу жургуздурмокмун...

06.01.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кен иштеп баштагандан бери канча алтын-кумуш ондурулуп канчасы кайда ташылып, канчасы уурдалганы, жаратылышка канча зыян жеткизилгени боюнча... Текшеруу бутконго чейин камалган жетекчилер турмодо калып, текшеруу буткон сон чон соттук процесс баштатмакмын. Эгер Кытай же Канада олкосу оз жарандарынын бошотулуусун кааласа, текшеруу жыйынтыгында ар кандай махинация, уурдоо, жаратылышка зыян келтируу сыяктуу миллиарддаган чыгымдарды толоого туура келмек, ошол олколорго.
06.01.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болбосо алтын-кумуш казып Кыргызстанга миллиарддаган зыян келтирип жаткан чет олколуктор омурунун акырына чейин турмодо калмак...

Анан калса 1991-жылдан бери алтын-кумуш афераларына аралашкан, пара алган, "доляда" отурган, Центерра сыяктуу чет эллик компаниялардын пайдасына иштеген же чечим чыгарган ар бир аткаминер, министр, депутат, экс Окмот башчы, экс президенттер бут баары камалмак, айыл окмот жетекчилерине чейин... Баарынын мал-мулк, байлыгы конфискацияланып
06.01.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коррупцияга аралашкан бут жетекчилер "жегендерин" кусмак, акыркы тыйынына чейин....

Баары келип президентке такалат...

Олкодо эл учун ак кызмат кылчу президент олко башына келмейинче, олконун кен байлыктары тонолгону тонолгон, бир ууч кыргыз дуйнонун торт бурчуна тентигени тентиген...

Балык башынан сасыйт дейт, бизде коррупциянын башаты да, ар кандай ири афера, махинациялардын башаиы да Акуйго, президентке барып такалат....
06.01.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичин куйотта мындай создору угуп. Кыргызстан жеп жок кыла турган болду бул жогорудагылар. Колубуздан эч нерсе келбейт та. Бут государствага иштегендер даже айылда окмотто иштегендер дагы коррупцияга батып каптыр. Мындай кетиште Кыргызстан онолушка коз жетпейт. Наоборот скоро жок болуп кетет
06.01.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйбөгөн жериң күл боло турган болду. Мне кылып отурушат анавылар. Аттин Баяман, Мелистер болгондо баарын өнүктүрмөөөк
06.01.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иштамберди Ала-Бука районунда эмес Чаткал районунда
06.01.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздо айып бар элдер кичине акчага алданып оозубузду ачыып отура беребиз!АША менен жалгыш курошкон Текебаевди камап койуп из билгендерин кылып жатышат!эл учун турган Текебаевге эл туруп бере алган жок!!!мына Эми президенте кучтуу атандаш жоок!Кырг гулдогон корупция кучак жайууда
06.01.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха оз жеринде кор болгон кыргыз
08.01.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Khabib, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 5 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: