super.kg logo

Өкмөттүн тиешелүү комитети Ала-Букадагы алтын кенди иштеткен компаниядан бошотулган 400 жумушчунун маселесин дүйшөмбү күнү карайт

 

Өкмөттүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен компаниядан жумуштан бошотулган 400 жарандын маселесин дүйшөмбү күнү карайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди.

"Мендеги маалыматтар боюнча жумушчулардын эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөн. Компания жаңы эмгек келишиминде жумушчуларга "кепилдик, салык төлөмдөрүн өзүңөр төлөйсүңөр" деген өзгөртүүлөрдү киргизген. Бирок жумушчулар ага каршы болуп, "бул төлөмдөрдү компания өзү төлөшү керек" деп жатышат. Компания бул шарттарга макул болбогон кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүдөн баш тарткан. Дүйшөмбү күнкүгө мен компаниянын жетекчилерин, борбордук профсоюздун жетекчилерин чакырдым. Алар келгенде баарынын көз карашын угуп, расмий маалымат беребиз", - деди Рыскулов.

Буга чейин Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы 400 жумушчуну иштен бошоткондугу маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
06.01.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окмот бул маселени он жагына чечиши кумон, анткени Окмот "доляда" отурат, бул кенди иштеткен кытайлардан ай сайын ири олчомдо жен ичинен пара алып... Эми Окмоттун "доляда" отурганын бир катардагы бир жаран эмес, фин.пол же УКМК кызматкерлери далилдеп бере алат, артынан тушсо, бирок алар Акуй Кокуй аралашкан эн ири коррупциялык схеманын "жузун ачып" элге чындыкты айтууга "духу" жетпейт...
06.01.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окмот кайсы учурда бул маселени он жагына чечиши мумкун?! Эл арасында бийликке нааразычылыктар кучоп, ал митингдер менен коштолуу ыктымалы болсо, бийлик элди тынчтандырууну ойлосо гана, кытайлыктар менен суйлошуп, Окмот алардан "суранып" отуруп, жумушчулардын айлык-маяналары мурунку суммага кайтышы мумкун... Анда да бул чара убактылуу болушу мумкун...
06.01.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне кылуу керек?!! Коптогон кен казуучу компаниялар менен Окмот ортосундагы келишимде "ишкана жумушчуларынын кеминде 60%ти (70, 80, 90% да болушу мумкун) жергиликтуу тургундар болуусу керек деген пункт бар. Эгер ошондой пункт бар болгон болсо, Чаткал эли ынтымакта, бир муштум болуп туйулуп, эч бири ишке чыкпай коюшу керек. Эч кайсы бир Чаткалдык. Ошондо кытайлар Кытайдан же Кыргызстандын башка аймагынан жумушчу алып келген кундо да, кенди иштете албайт!
06.01.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Себеби жергиликтуу жумушчулар жок кенди иштетууго укугу жок, жогорудагы пунтка таянчу болушса... Кен иштебей туруп калса элге караганда кытайларга чон минус. Айласы кеткен кытайлар кайра суйлошуулорду баштаганда, айлык маяна 1000$ болсо иштейбиз деп когоруп туруп алыш керек...

Чет олколордо профсоюздар ынтымакта, каалаган жыйынтыкка жетишет, иш таштоо менен. Бизде профсоюз деген тушунук кагаз бетинде эле калды, эч ким тааныбаган профсоюзду айтпаганда. Куч биримдикте.
06.01.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куч биримдикте... Озу Чаткал эли биртке. Ошол эл бийликтин бал созу, куру убадаларына ишенбей баары бир муштум болуп катуу талап коюшса, баары тегиз иш таштаса, Иштамбердини иштеткен кытайлар эле эмес, Чаткалда кен каздырып жаткан бардык чет олколуктор ийге келмек.....
Too-tash түзөттү 2018-01-06 16:46:49
07.01.2018. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash,сенден бир нерсе чыкчудай
06.01.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул компания жаны жумуш баштаганда жергиликтуу калкка жумуш ордуна тузобуз деп иштеп башташса керек. Ишкердик жургузууго уруксат алуу максатында. Эми отурукташып алгандан кийин, коркпой кыргыздарды жумуштан бошотуп, кытайларды алып келели деп жатышат го деп ойлоп койдум
06.01.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кок-Серекте жайгашкан.Ушул компаниялардан жергиликтуу бюджетке 1%калат экен,
06.01.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuri1988Elim2010, Кок-Серек менен Кок Таштын ортрсунда казактардын Казакмыс компаниясы иштеткен Бозумчак кени бар эле го?....
14.01.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash,ооба
06.01.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштамберди эмес штанберди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: