super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-январда өлкө жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоодо бул майрамдын тарыхына, руханий артыкчылыктарына токтолгон.

"Сиздерди Рождество майрамы менен куттуктайм! Эки миң жылдан ашуун мезгилден бери бул майрам адамдарга аруулук тартуулап, жаркын сезимдерге бөлөп, мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн, ырайымдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн баалуулуктарына сугарып, жүрөктөргө үмүт шооласын чачып келет. Ал баарыбызды асыл ойлорго жана кайрымдуу иштерге, адамды сүйүүгө жана урматтоого чакырат.

Рождество майрамы элибиздин биримдигин чыӊдап, өлкөдөгү ар кандай конфессиялар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту сактоого зор салым кошот.

Кымбаттуу мекендештерим! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана зор бакыт каалайм.

Жаңы 2018-жыл Кыргыз элине ынтымакты жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин!" - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: