super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ЯНВАРЬ: "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат, учурда камакта жаткан Райкан Төлөгөнов 66 жашка толду

 

Райкан Төлөгөнов 1952-жылы 7-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кичи-Акжол айылында төрөлгөн. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов 2017-жылы 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

Өткөн жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Райкан Төлөгөновду бул иш боюнча күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискацияга алуу боюнча чечим чыгарган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, бул ишти саясий куугунтук катары баалап келет.

Райкан Төлөгөнов 1978-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1978-жылы Караван айылындагы Ильич орто мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп баштаган.
1979-1989-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер, Философия жана укук институтунда тарых материализм секторунун ага илим кызматкери болуп эмгектенген.
1989-жылы адам көйгөйүн ар тараптан изилдөө секторуна ага кызматкери болуп которулган.
1989-1990-жылдары Кыргызстан ЦК КПнын "Коммунист Кыргызстан" журналында редактор болгон.
1990-1993-жылы Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратында коомдук пикир изилдөө жана социалдык алдын ала билүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген, кийин Социалдык сфера, басма сөз жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы болгон.
1992-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясына кирип, 2000-жылдан баштап партиянын Бишкек шаардык баштапкы уюмунун төрагасы болуп эмгектенет.
1994-жылдын декабрь айына чейин Жалал-Абад облусунун тышкы экономика иштери боюнча облустук администрация башчысынын орун басары болуп, 1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратында референт болуп иштеген.
2010-жылы май айынан баштап август айына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн аппаратынын башчысынын орун басары болуп иштейт.
2010-2015-жылдары "Ата Мекен" партиясынан Кыргыз Республикасынын 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешине депутат болгон.
7-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: