Ирандын мурдагы президенти Ахмадинежаддын нааразычылык митингдерин колдогон деген айып менен камакка алынганы маалымдалууда

Эскерте кетсек, 28-декабрда Ирандын ири шаарларында өкмөткө каршы массалык баш аламандыктар башталган. Анда 20га жакын адам каза болуп, 450 адам камакка алынган.
Маалыматка караганда, 28-декабрда Ахмадинежад Бушир шаарында эл алдында сүйлөп жатып Ирандын азыркы бийлигине сындаган сөздөрдү айткан.
"Азыркы лидерлердин айрымдары карапайым калктын көйгөйлөрүн билбейт, коомдун чыныгы абалынан кабардар эмес", - деген ал. Мындан тышкары Ахмадинежад азыркы президент Хасан Роуханинин өкмөтү бар нерсени да сактап кала албай, мамлекетти начар башкарып жатат деген.
Мурдагы мамлекет башчысынын бул сөздөрү аны бийлик тарабынан кармоого түрткөн. Ал үй камагына чыгарылышы мүмкүн.
28-декабрда өлкөдөгү жумушсуздук менен кымбатчылыкка нааразы болуп акцияга чыккан элдин талабы кийин өкмөттүн кетүүсүнө өзгөргөн. Ошол эле учурда өкмөттү колдогондордун тынчтык митинги да өтүп, чогулгандар "АКШга кызмат кылгандарга уят!", "Коррупционерлер жазаланышы керек" деген ураан менен турушкан. Буга чейин Ирандын калк башчысы Хасан Роухани бул митингдерди өлкөнүн ички саясатына башка өлкөлөр киришип, уюштуруп жатат деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Алтындарым, кудай буюрса кыргызстанды сатып жок кылам болуп ататко биздики