ТЕСТ: Жансак, олобо, быжы... Кыргыздын улуттук тамак-ашын унуткан жокмун десеңиз тесттен өтүңүз
Кыргыз эли жаратылышынын кооздугу, тамак-ашынын экологиялык жактан тазалыгы жана анын көп түрдүүлүгү менен чет элден келген конокторго мактана алат. Конок келсе кыргыз даамы тууралуу коркпой айтып бере аласызбы? Улуттук тамак-аштардын жасалышы, аталышы эстен чыккан жокпу? Өзүңүздү тесттен текшерип көрүңүз.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Сүрөттөгү азыктын аталышы?
Жупка - ачыбаган камырдан жасалган эзелки гүлазыктардын бири. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырат.
Кийинки суроо
жупка
каттама
саңза
Кыргыз эли дарылык үчүн пайдаланган, жаңгак кошулган азык кандай аталат?
Жансакты жоокерлер жана оор жумуш менен алектенгендер үчүн даярдашкан. Балдардын саламаттыгын чыңдоо үчүн да колдонушкан. Ал адамдын иммунитетин көтөрүп, ал-күчкө толтургандыктан "жансак" деп аталган. Курамына сары май, жаңгак, бал кошулуп даярдалат.
Жуурат - койдун, эчкинин жана топоздун ынак сүтүнөн уютулуп жасалган байыркы ак азыктардын бири. Элдик медицинада жуурат эң кубаттуу азык катары бааланат.
Кийинки суроо
Атала
Жуурат
Килкилдек
Күлазык деген эмне?
Күлазык – байыркы кыргыздардын жоокерчилик доорунда колдонулган жол азыгы. Куурулуп, кургатылгандан кийин майдаланган этти, талкан, таруу, ун азыктарын капка же тулупка салып салкын жерге сакташып, алыс жолго чыкканда ала жүрүшкөн.
Кийинки суроо
ысык, суюк тамак
конокторго коюлуучу таттуулар
жол азыгы
Быжы эмнеден даярдалат?
Быжы - койдун кара ичегисине ич май, майдаланган боор, сарымсак, күрүч, ашкөк жана татымалдар кошулуп даярдалат.
Кийинки суроо
Сүттөн
Камырдан
Койдун ичегисинен
Курут менен өрүктүн аралашмасынан да кыям жасалат. Ал “өрүк курут” деп аталып өлкөнүн кайсы аймагында көп даярдалат?
Чүлү — курут менен өрүктөн жасалган кыям-компот. Аны даярдоо узак убакытты алып, негизинен Баткен облусунда кездешет.
Кийинки суроо
Баткенде
Нарында
Чүйдө
“Катыктап ичүү” деген сөздү кандай түшүнөсүз?
"Катыктап ичүү" - бул сүт азыктарын татымына ылайык тамак-ашка пайдалануу. Маселен, чайга сүт катыктап ичишсе, жармага айран катыктап деп айтылат.
Кийинки суроо
Жемишти кургатып коюп жегенди
Азыкты күздө катып коюп, кышта жегенди
Сүт, айран, кымыз сыяктуу суусундуктарды азыктарга аралаштырып ичүү
Ун, туз, сүт кошулуп кайнатылган чай кандай аталат?
Чайдын мындай түрүн өлкөнүн түндүк жагында көп даярдашат. Анда демделген чайга куурулган унду, туз, сүт, суюк каймак кошуп, кайра кайнатып ысык кезинде ичүүгө берилет. Ал куурма чай деп аталат.
Кийинки суроо
Аралаш чай
Куурма чай
Андай чай жок
Уютку эмнеге пайдаланылат?
Уютку - бул айран уютуу үчүн пайдаланылат. Бышкан сүткө аз өлчөмдөгү айран кошулуп, ал уютку деп аталат.
Кийинки суроо
Айран уютканга
Камыр жууруганга
Нандын бетин кооздогонго
Кыргыздын чыгармаларында “Кысыр эмди тай сойду” деген сөз кездешет. Маанисин билесизби?
Кысыр калган бээни кулуну көпкө чейин эмгендиктен анын эти даамдуу болгонун билген кыргыз эли андай тайды ардактуу конокторго союп, сыйлаган.
Кийинки суроо
Кысыр бээнин этин айтат
Арык мал союп сыйлады дегенди билдирет
Кысыр калган бээни кулуну жылдап-жылдап эмген тайдын этин айтышат
Койдун, бодо малдын шыйрактары кайсы тамак үчүн пайдаланылат?
Килкилдек – уйдун, койдун баш-шыйрагынан жасалуучу тамак. Куйкаланган даяр баш этин шылып алып, шыйрагын бузуп, муздак сууга салып, азыраак отко бүлкүлдөтүп, сөөктөн эт ажыраганга чейин бышырат. Татымына жараша туз, мурч, жашылча, ашкөктөр кошулат.
Кийинки суроо
Сүр нарын тамагы үчүн
Малдын шыйрактары тамак-ашка пайдаланылбайт
Килкилдек үчүн
Кыргызда даяр шорпого туз, калемпир, татымал кошуп даярдаган азык кандай аталат?
Нак шорпонун майлуу жеринен куюп алып ага калемпир, туз, сарымсак өңдүү татымдарды кошуп даярдалган чык камыр тамактардын үстүнө кошуп жегенге ылайыктуу.
Кийинки суроо
Чык
Атала
Кошулма
Чучукту аттын жынысына салыштырган чет өлкөлүк Майкл Макфитке кандай чара көрүлгөн?
"Кумтөр" ишканасында иштеген австралиялык Майкл Макфит интернеттеги баракчасына чучукту аттын жынысына салыштырып жазган. Андан кийин ал жумуштан бошотулуп, кылмыш ишин козгоо үчүн материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. М.Макфиттин өлкө аймагында жүрүүгө уруксат бере турган тийиштүү документтери жок экендиги аныкталып, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн соттун чечими менен өлкө аймагынан чыгарылган.
Кийинки суроо
Кызматтан бошотулуп, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылган
5 жылга эркинен ажыратылган
Чара көрүлгөн эмес
Койдун өпкөсүнө сүт куюп даярдалган тамак кандай аталат?
Олобо - кой, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулган сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак. Ал үчүн өпкөгө бычак тийгизбей, бүтүн алып чыгуу зарыл.
Кийинки суроо
Жаткан төө
Быжы
Олобо
Каймакты отко сызгырып, сары майын алгандан кийин казандын түбүндө калган азык?
Чөбөгө - каймак сызгырылып, сары майы алынгандан кийин казандын түбүндө калган азык. Аны айрым аймактарда сызык деп аташат.
Кийинки суроо
Кошкон май
Чөбөгө
Камкаймак
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Сиздин упайыңыз
94
Туура жооп: 14
Ката жооп: 1
Жалпы: 15 суроо
Азаматсыз! Улуттук тамак-аштарды жегенге гана эмес, даярдалуусуна, аталышына да кызыгат экенсиз
Сиздин упайыңыз
94
Туура жооп: 14
Ката жооп: 1
Жалпы: 15 суроо
Азаматсыз! Улуттук тамак-аштарды жегенге гана эмес, даярдалуусуна, аталышына да кызыгат экенсиз