"Кыялым орундалды". 25 жаштагы Филиппе Коутиньо "Барселонага" өттү

Испаниялык "Барселона" футболдук клубу бразилиялык футболчу Филиппе Коутиньо менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, бразилиялык футболчу үчүн "Барселона" 120 миллион евро коротту. Жана дагы 40 миллион евро бонус катары төлөп бермекчи. Футболчу 5 жылдык келишимге кол койду. Ал "Барселонага" өтүп, эми анын кыялы орундалганын интернеттеги жеке баракчасына жазды.
"Ливерпуль" футболдук клубу Филиппе Коутиньону 2013-жылы италиялык "Интер" клубунан 13 миллион еврого сатып алган. Бразилиялык футболчу 2017-2018-сезондо "Ливерпуль" клубу менен 20 беттешке катышып, анда 12 гол киргизген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Месси,Суаерс,Каутиньо алга.Мен силер менен биргемин