super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде алпаруучулар Нурзат Токтосунова жана Максат Надырбеков конокто болот

 

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу "Заманыбыздын супер алып баруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова жана анын жолдошу, шоумен Максат Надырбеков. Кандай гана иш-чара болбосун элди башкара билген, өз мезгилинин мыкты алып баруучулары азыркы тапта жаштарга туура багыт көрсөтүп, таланттуу алып баруучуларды даярдай турган мектепти жетектеп келишет.

Түгөйлөр 2016-жылдын май айында баш кошушкан. Үйлөнүү тойго 400 адам чакырылып, алардын 80 пайызын белгилүү ырчы-чоорчулар түзгөн.

"Максат жашоомдо пайда болгондон бери жыргап калдым. Эркектин ийини баары бир эркектин ийини. Анын жашоодо ролу аябай чоң. Мендеги айрым жүктөрдү кадимкидей алып койду. Мисалы, тойго чейинки даярдыктын баарын Максат кылат. Оюндарды дагы өзү уюштуруп, жадакалса соңунда менин көйнөгүмдү дагы алмаштырып, жетелеп кетет. Артыкчылыгынан башка кемчилигин көрө алган жокмун", - дейт Токтосунова жолдошу тууралуу.

Түгөйлөр тасмаларда да роль жаратууга жетишкен. Нурзат Токтосунова улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр жолун баяндаган "Саякбай" тасмасында айыл башчысынын образын аткарса, Максат Надырбеков "Мегатой", "Эл укпасын" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Таланттуу түгөйлөргө арнаган жылуу сөздөрүңүз же мыкты суроолоруңуз болсо +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Алып баруучулар суроолорго бүгүн саат 15:00дө баштала турган түз эфир учурунда жооп беришет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду





10-январда SUPER.KG'нин түз эфиринде Нурзат Токтосунова, Максат Надырбеков менен бирге

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
08.01.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Казан аяк кагышкан учурларыңыздарда ким биринчи кадам таштайт жана жашоодо болгон кызыктуу окуяларыңыздардан айтып бериңиздерчи
08.01.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат Нурзаттай кучтуу айымдын журогун багындыруу оор болгон жокбу?
08.01.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максат Нурзат учун кандай курмандыктарга бардын?
09.01.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурзат Максат саламатсынарбы? Мен сиздерди коптон бери кутуп жургом. Абдан кубанычтамын. Бактылуу болгула. Нурзат сиз менен Туп жергеси сыймыктанат.
Сиздерди тапкан ата энениздер жонундо айтып берсениздер?
09.01.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ассаламу алейкум Максат, Нурзат. Исламда куйоого итагаат деген бар. Башкача айтканда куйоого баш ийуу, жолунан чыкпоо, айтканын орундоо. Нурзат сен канчалык денгээлде куйооно итагаат кыласын. Алдын ала рахмат.
09.01.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурзат эже айыдарга кенеш айта кетинизчи. Оз алдынча кандай жана кантип бизнес баштаса болот? Билишимче сизде бизнес жана озунуз ачкан академияныз бар.
09.01.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экоонор биригип озгочо идея менен жалпы элге проектилердин устунон иштейт го деп кутком. Бирок тойдон бошобой калдынар го. Албетте акча керек бирок байлыктын аягына эч ким чыккан эмес дегендей. Жаны иш чараларды кутобуз. Кесибинердин отоосуно чыккыла. Бактылуу болгула.
10.01.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы нурзат эже.жакында уйлонот элек,бизди туз эфирден куттуктап койосузбу суранаам.Кумушай Нурсултан.Кутобуз
10.01.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Нурзат Максат Балалуу болдунарбы
10.01.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат, сизге актриса болуу да жарашат экен. Мурда актердук кесип өнүндө ойлонуп көрдүнүз беле?
10.01.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатасынарбы!! Нурзат, мектепте окуп жургондо район, областьтарга чейин барчу элек чогуу "Манас" айтып)) казыр манас айтканды унуткан жоксунбу? Кичине узунду айтып бербейсинби? С уважением Назипат. Талды суудан.
10.01.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салматсынарбы Максат Нурзат чыгармачылык йигилик каалайм.Менин суроом дуэт ырдап берсениздер
10.01.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы!Нурзат эжеке,сиздер тамадалык да кесип аркалап олкобуздун аймактарына да барып журосуздор.Ош шаарында алып барган тойлордон эсте калган окуялар болсо айтып беринизчи.Жылмаюу бул суннот дешет го,жылмаюу тартуулап коюнуздар.Сиздерге бакыт жана бакыт.Эн бактылуу тугойлордун катарында болуп журо бериниздер.Админ суранам,окуп коюунуздарчы,алдын ала чоон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: