super.kg logo

"Алтын глобус-2018": Белгилүү "Так талашуу оюну" сериалы сыйлыксыз калды

 
"Алтын глобуска" атактуулар кара түстө кийинип келишкен
"Үй кызматчынын окуясы" тасмасынын баш каарманы Элизабет Мосс жана продюсер Брюс Миллер

Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн "Алтын глобус" 75-сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү "Так талашуу оюну" сериалы бир дагы сыйлыкка ээ болгон жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, "Эң мыкты драмалык сериал" номинациясында сыйлыкка "Үй кызматчынын окуясы" сериалы ээ болгон. Бул жылы аталган номинацияда "Таажы", "Кызыктай иштер", "Бул биз" жана "Так талашуу оюну" сериалдары ат салышкан. "Эң мыкты айымдын ролу" наамы боюнча сыйлык актриса Элизабет Мосско "Үй кызматчынын окуясы" тасмасындагы ролу үчүн ыйгарылган. Ал эми "Эң мыкты мырзанын ролу" наамындагы сыйлыкты "Бул биз" сериалында башкы каармандардын биринин ролун аткарган Стерлинг Келби Браун алган.

"Алтын глобус" - жыл сайын кино жана теле жаатында ийгилик жараткан белгилүүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруучу азем.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: