super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ЯНВАРЬ: Акыркы аманаттарынын бири аткарылбай калган төкмө акын, обончу Майра Керим кызы көзүү тирүү болгондо 56 жашка чыкмак

 

Кыргыз эли менен казакка гана таандык болгон төкмөлүк өнөргө айрым гана адамдар ээ болушат. Бул өнөрдү аял киши аркалаганы андан бетер сейрек кездешет. Дал ушул өнөрдүн сересине чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн атын тааныткан акын Майра Керим кызы эле.

Комуз менен домбранын кылдарындай дирилдеген талантты билбеген кыргыз-казак болбосо керек. Ырынын ар бир сабында аруулук, адамдык асыл сапат камтылган Майра Керим кызы 1962-жылы Казакстандын Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. Ал кыргыздын келини гана эмес, жээни да болгон. Майранын апасы кыргыз кызы болсо, өзү кереметүү Ысык-Көлгө келин болуп барган.

Жолдошу Канат Байышов менен кол кармашкан соң, "Мага жар керек" деген ырында "Кыз кезде көксөгөндү, кыргыздан жолуктурдум" деп ырдаган Майра Керим кызынын шаңшыган үнү убагында казак талаасын, кыргыз тоосун жаңыртып турар эле. Жаңыдан кыргыз элине келин болуп жаткан мезгилде кайненесине арнап чыгарган ырында аялзатынын оомал-төкмөлүү тагдыры камтылгандай:

"Улуу элден уулуңду ээрчип мен келдим,
Урмат-сыйдын бешигине термелдим.
Умай энем көрөм сизди, апамдай
Келин дебей, кызың менен тең көргүн.

Ортосунда турмуш деген чеңгелдин
Жол таба албай, чындыгында сенделдим.
Канатымды төрөбөсөң кантмекмин,
Уучума күмүш жүгөн сен бердиң".

Кыргыз дегенде кагылып турган, жүрөгүндө жалы бар, кылычтын мизинен жалтанбаган Майра Керим кызы төркүнүнө сөз кайтарып, казактар менен болгон Эл аралык айтыштардын биринде "Каркыраны Кыргызыма кайтарып бер" деген ыр саптары ар бир айтыш күйөрманынын эсинде болсо керек. Дал ушул ыр саптарынан кийин акын Анатай Өмүрканов:

"Көлгө уу төгүп, Каркыраны алдырганда,
Шаасына шаты тиреп кыргыздардын,

Кыз акынын мындай койгун, эркеги да,
Дудук болуп турган кезде сен ырдадың", - деген ыр саптарын жазган.

Майра Керим кызынын жалпы 252 ыры бар. Анын 39уна обон жаралган. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар”, "Ысык-Көл" деген сыяктуу ырлары ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан. Көптөгөн Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон.

Улуу өнөрдүн ээсинин артында ырларын оозунан түшүрбөй ырдап, апасынын жолун жолдоп төкмөлүк өнөрдү аркалап келе жаткан уулу Акжолтой Канатбек уулу калган.

Майра Керим кызы онкологиялык ооруга чалдыгып, катуу оорудан улам 2009-жылы 18-августта каза болгон. Көз жумардын алдында "менин сөөгүмдү Кыргыз опера жана балет театрынан алып чыккыла" деген аманаты аткарылбай калган маркумдун сөөгү Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган.

8-январдын жылнаамасы.






"Ысык-Көлгө таазим" Акжолтой Канатбек уулу

 
 Кыстарылган аудио 

Ильяз Андаш "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
Медиа-портал
10.12.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текстин кошо киргизип койунуздарчы отунуч!!! merci.......
Медиа-портал
10.12.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
elif.bikech,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз, рахмат.
Медиа-портал
11.12.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы ырга жаңы өмүр берген Ильязга чоң рахмат! Ушундай жакшы ырларды көп-көп ырдап чыкса дейт элем...
Медиа-портал
11.12.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ehhh, duynodo meni suygon bir adam bardyr...
Медиа-портал
11.12.2012. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
En sonun atkarylgan!
Медиа-портал
13.12.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакты соонун экен, мени да суйгон адам болсо жолукчу эртереек (чын)мен суйгон аам болсо башка адамды суйуп кеткен
Медиа-портал
16.12.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соз Жок Малдес Ай Жигиттин Гулу!!!!!!!! Талант деген ушундай болот!!!!!!
Медиа-портал
16.12.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jakwy yr.jagymduu un!
Медиа-портал
30.01.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуго ырдайм ушуд ырды
Медиа-портал
15.02.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай жакшы ыр экен!
Медиа-портал
10.03.2013. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
унун укмуш керемет экен ильяз, дагы ырларды чыгарабер
Медиа-портал
07.05.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Алеша
Медиа-портал
15.05.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра кайра угуп тажабайм
Медиа-портал
12.10.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнододо сени суйгон бир адам бар
Медиа-портал
20.01.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зынк даа
Медиа-портал
14.02.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ыр экен абдан жакты.....
Медиа-портал
05.04.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Класс..Минусу барбы?
Медиа-портал
17.06.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шолоктоп ыйлаак, те тажаал болсо дагы, дуйнодо сени суйгон бир адам бар. (тамаша). Ильяз АЛГА! Унун сонун!
Медиа-портал
07.09.2017. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильяз эмес Майра Керим кызы эжекебизге рахмат айткыла.маркум жайы жаннаттан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: