super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ала-Бука районунун акими: "Шамалдан жабыркагандарга жөнөтүлгөн шифер өз баасында эле сатылды"

 

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев катуу шамалдан жабыркагандар үчүн жөнөтүлгөн шифер өз баасында эле сатылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, башында шифер жөнөтүлгөндө бааны эч ким билген эмес. "Чынын айтсам шифер канчадан сатыла турганы боюнча мен да билген эмесмин. Ошол учурда шифердин бир даанасы 250 сомдон, 270 сомдон сатылат деген сөздөр айтылыптыр. Кийин "Кант" заводу менен сүйлөшкөндөн кийин гана 260 сомдон сатыла турганы белгилүү болгон. Шифер 270 сомдон сатылган жок. Эл арасында ушундай сөздөр айтылып кеткен", - деди Сонунбек Акпаралиев.

Эске салсак, бүгүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына аталган районго караштуу Көк-Серек айылында шамалдан жабыркагандарга жөнөтүлгөн шифер өз баасында сатылбай жатканын билдирген. Окурман 260 сомдон сатыла турган шифер 270 сомдон сатылганын айткан. 27-декабрда болгон катуу шамалдан жабыркаган айылдарга 2-январда шифер жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
08.01.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сатпай эле бекер беришинер керек. Жабыркагандарга жардам берилди деп сайрайсынар кечке. 260 сатып. Жок дегенде завод менен суйлошуп 200сомдон алып берсенер болмок. Базардан деле сатып алмак силердин баанардан.
08.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уялбай эле сатып жатышабы ээ...?
08.01.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жардамбы саттык десенер. Бир жардамынар тийбейт экенда кыргыз элиме. Бир соз менен айтанда адам емес екенсинер Бицликтегилер
08.01.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогон акимдер болгону учун да онукпойбуз... Булар оздорун 100 жыл илгерки манаптардай элестетип, элдин ырыскысына кол салып чардап келишет... Ала-Букада алтын кендери бар... Ошол кен жетекчилери менен суйлошуп, ошол шиферлерди элге бекер таратып берсе болмок, кимдин канча шифери сынса...

Акчага сатса, жардамы кайсы?!! Дагы уялбай калп суйлоп коет, 270тен сатылбады деп....

Эл чындыкты айтат, ал эми силер олуп кетсенер да чындыкты айтпай калдынар го, АШАнын СДПКчылары
fantomas түзөттү 2018-01-08 17:41:36
08.01.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Алабукадан болом жардам бериш бул жакта турсун сооруп атат Сдпк Аша бийликтен умут кылбасын калп эле суйлойт ктр ден 500.мин жардам берди деп кайактагы шыйпыр тунике айта берет акими деле Ашасы деле Алабуканын жолдоруна келсенер ит ыйлайт кытайлардын камаздары сурма алтынды ташый берип жолдорду тоо кылып салган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: