super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 8-ЯНВАРЬ: Мындан 12 жыл мурун Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан Раатбек Санатбаев дүйнө салган

 

Мекенин дүйнө жүзүнө тааныткан, Кыргыз өлкөсүнүн XX кылымдагы мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаев мындан 12 жыл мурун белгисиз бирөөлөр тарабынан атылган октон кайтыш болгон.

Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Кичинекей кезинен мыкты балбан боло турган сапаттарга ээ болгон. Ал 2-классында досунун чакыруусу менен күрөш секциясына жазылат. Санатбаевдин алгачкы машыктыруучусу Орто Азиянын 13 жолку, Кыргыз өлкөсүнүн 29 жолку чемпиону Ибрагим Узаков болгон. Узаковдун башкаруусунда Раатбек Санатбаев бир топ мелдештерде ийгилик жаратып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөнгө үлгүрөт.

Спортчу 7-классында Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы Республикалык спорттук мектеп-интернатына тапшырат. Ал жакта устаты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Пётр Цапля болот. Анын алдында Раатбек Санатбаев жаштар арасындагы бир нече мелдеште жеңүүчү болуп, медалдарды тагынат. 1985-жылы Юрмалада өткөн Бүткүл союздук мелдеште жеңишке жетет. Ошондой эле 1986-жылы Фрунзеде өткөн Кыргыз ССРдин спартакиадасында алгачкы орунду ээлейт.

Интернатты бүткөн соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, Василий Баканачтын алдында машыгуусун улантат. 1987-жылы Ташкентте өткөн Бүткүл союздук мелдеште күмүш медалын тагынат.

1987-1989-жылдары Советтик Аскерде кызмат өтөйт. Аскердик милдетти аткарып жүргөндө да күрөштү унутпайт. Кызматты өтөгөн соң дене тарбия институтунда окуусун улантып, ошол эле жылы Украинада өткөн СССРдин чемпиондугунда коло медалын тагынат.

Раатбек Санатбаев 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн соң машыгуусун Казакстанда улантат. Профессионалдуу спорт дүйнөсүнө аралашып, ал көптөгөн ийгиликтерге жетишет.

1994-жылы Хиросима шаарында өткөн XII Азия оюндарында күмүш медалын тагынат.

1995-жылы Филиппин аралдарындагы Манила шаарында өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңип алат.
1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн XXVI олимпиадалык оюндарына катышып, 8-орунду ээлейт.
1998-жылы Таиланддын Бангкок шаарында өткөн XIII Азия оюндарында күмүш байгеге ээ болот.
1999-жылы Грециянын Афины шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынат.
1999-жылы Өз­бекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалын тагынат.
2000-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңип алат.
2000-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүрүп, 2001-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган соң олимпиадалык даярдоо боюнча борбордун башчысынын орун басары кызматын ээлейт.
2006-жылдын 8-январында Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен.
8-январдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.01.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыры жеп тынгансынарда
08.01.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башыңды жегир БаКС аттырган!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: