super.kg logo
  Саясат  

Депутат кооперативдердин сапатын жакшыртуу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков кооперативдердин сапатын жакшыртуу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Экономика министри Артём Новиковдун айтымында, аталган мыйзам долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында иштелип чыккан.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров айыл чарба кооперативине так аныктама берүүдө алардын 20-50 гектер жери болушу керек деген маалымат жазуу зарылдыгын кошумчалады. Ошону менен катар депутат мыйзам иштеп кетишин камсыз кылуу максатында республика аймагындагы тажрыйбалуу кооперативдерди чакырып парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: