super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Турмуш-шартың ыңгайлуу болуп турса, айылда жашоонун өзү керемет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Айылда жашаган жакшыбы же шаардабы?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Мен айылда жашайм, бирок шаарда жашагым келет. Ал эми шаардык тааныштардан сурасам, алар айылдын жашоосун самашат экен. Силер айткылачы, айылда жашагыңар келеби же шаар жашоосун жактырасыңарбы?" - деген суроосун калтырган.

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Айылга эмне жетсин. Убагында шаарда жашасам деп көзүм төрт болчу. Учурда шаардан тажап, айылдагы тынч жашоону каалап жатам".

"Шаарда адамдар менен мамиле түзгөндү үйрөнөсүң, спорт залга барасың, окуйсуң, дүйнө таанымың өсөт, бир гана жашаган жериңдин эмес, дүйнө жаңылыктарынан кабардар болосуң. Таза жумушта иштейсиң, үйүңдө бардык шарт бар. Акча табуу жолдору көп, кыскасы айылдан бир топ эле ыңгайлуу".

"Турмуш-шартың ыңгайлуу болуп турса, айылда жашоонун өзү керемет".

"Бара-бара шаар менен айылдын айырмасы деле жок болуп калды".

"Шаарга бизнес ачып, жумушчуларды иштетип коюп өзүң айылда жашасаң. Айланасын тоолор курчаган, абасы таза, суусу тунук, адамдары ыймандуу, кең пейил, ынтымактуу, акыл-насаатын аябаган чоң ата, апалар бар. Деги койчу айыл керемет. Айына бир жолу шаарга келип турсаң жакшы".

"Шаардыктар айылга шашса, айылдыктар шаарга шашат. Кызык эле адамдарбыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.01.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аобетте турмуш тиричиликке,ыгына, шыгына, талантына, жашоо ынгайы кайда жетелесе ошол жака жашайсын да,айла жоктон шаарлап эле эмес чет олколоп кеткен мекендештерибиз коп да. Албетте шаар жеринде жумуштун массасы болуп жаткандыктан ал жумуштарда да иштеш керек да. Айыл жеринде жумуш орундары коп болсо копчулугу жашоо шартын ылайыктап алып айылда эле жашай беришмек.
08.01.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oa айылда жашаганга эмне жетсин таза аба тынч жашоо озунчо эле керемет а бирок айылда эмне жумуш кылабыз.мектепке мугалим болсок айлыгы аз.тууру жер иштетип мал кылып жан бакса болот а бирок бизге шаардын жашоосу женил корунот.ыссык суу муздак суу баары бар деп.Ал эле эмес азыр чет мамлекетте жургонубуз канча.....
Ырыскыбызды терип журобуз айыл шаар чет жакта
08.01.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо келишпей атпайбы.Аргасыздан айылды сагынып ботон жерде иштеп журобуз.
09.01.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдада шаардада жашаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: