super.kg logo

"Иштамберди" кенин иштеткен компания кызматкерлердин массалык жумуштан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 8-январда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинде Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен компаниядан жумуштан бошотулган 400 жарандын маселеси каралды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда "Иштамберди" кенин иштеткен “Фулл Голд Майнинг” компаниясынын өкүлү Чи Шуань Тань кызматкерлердин массалык жумуштан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

"Эмгек келишимин узартуудан баш тартты" деген туура эмес. Биз сүйлөшүү жүргүздүк. Келишимдин мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыккан. Жаңы келишимде айрым пункттар өзгөргөн. Биз айрым бир пункттар боюнча орток пикир таба алган жокпуз. Бирок сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Биздин компания иштегенден бери чыгымга учурап жатат. Компания бул кенге 200 миллион доллар жумшады, иштегенден бери маянага 958 миллион сом төлөп бердик. Жумушчулар аябай көп чыгым келтирип жатат. Ошондуктан келишимди өзгөртүүнү чечтик. Ушул катаал учурду чогуу баштан кечиргенге жардам беришин сурайбыз. Акчабыз актала элек, банкрот болбош үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз", - деди ал.

Кытай компаниясынын өкүлүнүн айтымында, ишкана кызматкерлердин тажрыйбасына кошумча акы төлөөдөн баш тартып, тамак-ашка берилчү күнүмдүк акчаны азайткан. Ошондой эле ар бир жумушчуга маянадан сырткары берилчү айына 3 миң сом акча берүүнү да токтотмокчу болгон. Ал Кытайдан келген жумушчулардын саны дагы 30 пайызга кыскартыла турганын билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов "Иштемберди" кенин иштетүүгө “Фулл Голд Майнинг” компаниясына 20 жылга лицензия берилгенин, ошондуктан жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүлүшү керектигин билдирди.

Буга чейин Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы 400 жумушчуну иштен бошоткондугу маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
08.01.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
XXXX кытайлар пайда таппасанар кеткиле
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-09 09:40:37
08.01.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Крга кытайлардын опшум кереги жок озу. Баарын депортациялаш керек, же квота менен киргизиш керек биздин коррупционерлер.
08.01.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу кытайларды киргизип алып келечек муунубуз жуурулушуп кетпесе болду
08.01.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башында мынча иш ордун тузобуз деп договор тузуп келип ишкананы ачып алып,кичине убакыт отуп секинден жок кыла баштаган турбайбы башы баткандан кийин.
08.01.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайлардын инвестициясы озун актагыча кыргыздар бекер иштеп берсинби?!! Ансыз да бул кенден кытайлар ар бир долларын мин доллар кылып кайтарып алат 20 жылда...

08.01.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо да кытайлар тойбой жатат, биздин бийликке окшоп... Мисалы ошол кытайлар биздин жумушчуларга 1 миллион маяна толоп берчу болсо (мисалы), айыл Окмот жетекчиси, салыкчылар, район акими, облус нубернаторунан тарта, Ак уйдогу кит коррупционерлерге, министр, депутаттар, президентке чейин "доляда" отургандарга кытайлардын ай сайын толоп берип турган "салыгы" жумушчулардын жалпы айлыгынан бир канча эсе коп...

Ошондо келип келип карапайым элди тоногунар барбы?!!
09.01.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ансыз да олконун бутун байлыгы, топурагы, суусу, монгусу, алтын-кумушу элдики...

Бирок бийлик алтын-кумушторду элдин макулдугун албай каздырып, ошол алтын-кумуштон бийлик менен кен казган кытай, казак, канадалыктар байып жатат, ошончо элдин байлыгын уурдап... Казынага болсо казылган кендин 1/10 да тушпойт. Ошончо кен казылып, бир завод же фабрика курула элек олкодо. Эл тентип журот. Эми ошол кенде иштеген жумушчуларга да нормальный маяна тологусу келбей жатат бул кузгундардын.
09.01.2018. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айлыкты туура болуштуруп жатабы. 958 млн сом коротуптур айлыкка. Озу мындай болчу эле. 1 кытай 120000 айлык Алса. 1 кыргыз 20000 алып калчы эле. Бул кытай биздин чондорго берген параларын да айлыкка эсептеп койгон го
09.01.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олумуш болуп атышат. Актабаса кетип эле калышмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: