super.kg logo

Куурчактай көрүнүү жана оорудан өзүн алаксытуу иретинде ири суммадагы каражаттарды короткон 21 жаштагы англиялык кыз

 
Кичинекей кезинде

Англиянын 21 жаштагы жашоочусу Жейд Смит чыныгы куурчактай болуп көрүнүү үчүн жана муну менен өзүн оорудан алаксытуу иретинде ири суммадагы каражаттарды коротуп келет. Анын бут кийими, кийме чачы жана аксессуарларына эле 26 миң доллар сарпталган.

"Сырт кийимдериме, көйнөктөрүмө эле 780 миң доллар коротком. Аларды көбүнчө Япония менен Кореядан алдыргам. Менде болжол менен 40 түгөйү менен бут кийим жана көптөгөн кооз оюнчуктар бар", - дейт ал.

Жейддин ар бир күнү таңкы саат 4тө туруп, куурчактай болуп боёнуу жана кийинүү менен башталат. Ал сатуучу болуп иштеп, андан сырткары социалдык түйүндөрдүн бирине "Ханбийке Жадетт" деген ат менен катталып, кызыктуу сүрөттөрдү жүктөп турат.

Маалым болгондой, Жейд фибромиалгия (дене түзүлүшү толугу менен ооруп, уйку качып, депрессияны пайда кылат) дартына чалдыккан. Ал күн сайын дары-дармек ичкенден сырткары, өзүн алаксытуу иретинде куурчактын образын ойлоп тапканын айтат.

"Мага абдан оор. Күн сайын кыйналам. Өзүмдү алаксытуу үчүн кооз оюнчуктарды сатып алып, маанайымды көтөрөм. Куурчактын образы жагат. Келечекте жаш көрүнүү үчүн пластикалык операция жасаткым келет", - деген Смит.

Ал кичинекей кезинен тарта куурчактарга жакын чоңойгон. Ал эми 11 жашынан тарта ар дайым дал ушундай өңүттө кийинип жүрүүгө өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
09.01.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алла шыпаасын берсин,ар бир пенде бактылуу болсун,денсоолугу соо жиндилер коркунучтуу кукла болуп журушот козун эмчегин чонойтуп.А бул кыз добрый сказкадагы кукла кыз турбайбы.
09.01.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр жаш экен, ошон учун бут образдар жарашат. Убакыт отуп 40 ка келсе бул куурчак образ бир кызыктай корунсо керек. Пластикалык операция деле жардам бербесе керек. Ого бетер депрессияга тушпосо болду. Андан коро саякаттаса ошол жардам берсе керек,жаны жерлер,жаны таанышуулар
09.01.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Стресстеги адамдай эмес го,позитивный эле экен.
10.01.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээбир ужастардан жакшынакай экен,баарыбызга ден соолук каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: