super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети вице-премьерлик кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

 

Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.

Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырды. Анын айтымында, аталган кызматка Санжар Муканбетовдун тажрыйбасы жетиштүү.

Буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.

Санжар Муканбетов 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

1994-1995-жылдары "Жанар" акционердик коомунун инженери;

1995-1996-жылдары "ТНК Дастан" заводунун инженери;

1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдыңкы адис, биринчи категориядагы адиси;

1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адиси;

1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчи орун басары;

2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы;

2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси;

2007-2009-жылдары Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;

2010 -2014-жылдары Экономика министринин орун басары;

2014-жылдан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: