super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: 4 тилде эркин сүйлөп, ырдаган ырчы Лара Фабиан 48 жашка толду

 

Бельгиялык ырчы, композитор, актриса Лара Фабиан Бельгиянын Эттербек шаарында 1970-жылы 9-январда жарык дүйнөгө келген. "Мен сени сүйөм" жана "Адажио" деген хит ырлардын аткаруучусу Лара Фабиан атактуулукка чейин Крокарт деген фамилияны алып жүргөн. Ырчынын апасы Италиядан, атасы бельгиялык болгон. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен.

Фабиан бала кезинен эле ырчы болууну кыялданып, музыка, бий ийримдерине катышып келген. 14 жашынан атасынын гитара чертүүсү алдында клубдарда ырдап, андан соң европалык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ырчы катышкан сынактардын эң эле негизгиси "Евровидение" сынагы болгон. 1988-жылы "Евровидение" сынагына Люксембургдун атынан катышып, 4-орунду алган.
1991-жылы Ларанын "Lara Fabian" деп аталган алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Ал 1999-жылы биринчи жолу Монакодо MTV`нин музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, "Бенилюкс өлкөлөрүнүн мыкты артисти" деген наамды алган.
Ырчы эки жолу турмушка чыккан. Алгач Фабиан француз режиссёру Жерар Пулличиного турмушка чыгып, түгөйлөр кыздуу болушкан. Бирок 7 жыл бирге түтүн булаткандан кийин жубайлар ажырашып кетишкен. Андан соң ырчы экинчи ирет сицилиялык фокусник Габриэль Ди Жоржио менен баш кошкон.
Лара Фабиан тууралууу кызыктуу фактылар:
  • Ырчы 4 тилде эркин сүйлөйт (испан, француз, англис, орус);
  • Өзүнүн чыгармачылык жолунда Лара Фабиандын 10 миллионго жакын альбому сатылган;
  • Кайрымдуулук иштерге активдүү катышат, оорудан жабыр тарткан балдардын кыялдарын ишке ашырууга жардам берет;
  • 4 тасмада роль жараткан;
  • 1995-жылдан бери Канаданын жараны болуп эсептелет;
  • Ырчынын "L’Aziza est en pleurs" пластинкасы раритет деп эсептелип, 2003-жылы ал 3000 еврого сатылган.

9-январга карата жылнаама.






Lara Fabian - Je t_aime

Lara Fabian - Adagio (English-Italian)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
23.04.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Цените не внешность,не богатство,а отношение к себе,ведь на Земле всё временно,кроме души и сердца" деген туп туура да
Медиа-портал
23.04.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Омурлук жарым, менин эн жакын адамым ........... ал адамды жоготкум келбейт.Кудай сактасын... жашоого туркук болбогон сон жакын адамдарыбыздын журогун оорутпайлы. Лараны куйоосу жогорудан карап ыраазы болуп атса керек.... ыры кандай жагымдуу журогум кысылып-кысылып кетти....
Медиа-портал
23.04.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баалаган мыкты чыгармалардын бири. Мындай ырлар өлбөйт-өчпөйт, угармандардын түбөлүк эсинде болот. Ал эми ырды угармандын жүрөгүнө салып берген аткаруучуга бали!!!
09.01.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты ырчы айым. Болгону бир журнал -гезит бетерине жыланач гана, суротко тушуп койбосо.)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: