super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Англиянын эң стилдүү айымдарынын катарын толуктаган ханбийке Кейт Миддлтон 36 жашка толду. Ханбийкенин мыкты образдары

 

Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон 1982-жылы 9-январда Англиянын Рединг шаарында төрөлүп, бүгүн 36 жашка толду. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон. Ал орто билимди Мальборо колледжинен алып, 2001-жылы Сент-Эндрюс университетине тапшырган.

Кэтрин ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашап башташкан. Кылымдын тоюна айланган Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Түгөйлөр 2013-жылдын 22-июлунда Георг Александр Луи аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылы 2-майда кыздуу болушуп, атын Шарлотта Елизавета Диана коюшкан.

Кейттин дарегине "сулуулуктун эталону", "стилдүүлүктүн иконасы" деген комплименттер айтылып келет. Акыркы жылдары ага карап түздөнүп, ал кийген кийимди кийип, аны туураган кыздардын саны өскөн. "Жылдын стилдүү айымы ким?" деген сурамжылоодо көпчүлүк ага карата жылуу пикирлерди айтышат. Миддлтон тууралуу: "Кейт эчак эле англиялыктардын жүрөгүнөн орун алган. Айрыкча анын ак көңүлдүгү менен боорукерлигине дүйнө эли ыраазы. Эми ал бизге мыкты коомдук ишмер гана эмес, чыныгы леди кандай болуш керектигин үйрөтүп жатат. Анын жөнөкөйлүгү, табигый сулуулугу азыр модада. Бүгүнкү күнү өспүрүмдөр Голливуд жылдыздарына окшошууну эмес, өзүнүн жеке стилин табууга аракет кылып калышты", - деген ойлор көп айтылган.

Мындан улам SUPER.KG порталы ханбийкенин мыкты образдарын жарыялоону туура көрдү.
9-январдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
09.01.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ханзадаанын жубайы,ханайым болуп турса ушул стильный болбогондо анан ким
стильный болот?
09.01.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байлык,бийлик кимди Гана стильный кылбаган!
09.01.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин акчам коп болгондо мен дагы стильный болмокмун.
10.01.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы да төп келишкен.Акчаң болуп акыл-парасатың, билимиң тарбияң, маданиятың жок болсо коом үчүн сен нөлсүң, ордуң жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: