Мирлан Бакиров: "Грант келсе бекер акча келгенсип шашылыш түрдө ратификациядан өткөргөндү токтотуу керек"
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров грант келсе бекер акча келгенсип шашылыш түрдө ратификациядан өткөргөндү токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
"Келген грантты бекер акча келгенсип ратификация кылганды үйрөнүп алдык. Эгер ичине кирип терең карап көрсөк, бир эл аралык эксперт 70 миң доллар, жергиликтүү эксперт 9 миң доллар алат экен. Кылган ишинин дайыны жок. Мындай адаттан арылышыбыз керек", - деди Мирлан Бакиров.
Жыйында вице-премьер-министрлик кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып, депутаттар колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

