super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Токтогулда суу түтүктөрүн оңдоо иштери чуңкурлары казылган боюнча токтоп калган

 

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында суу түтүктөрүн оңдоо боюнча тендерди утуп алган ишкана чуңкурларды казып, пластик түтүктөрү кардын астында калган бойдон ишти уланта элек. Бул тууралуу "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.

"Чоң-Арык айылында суу түтүктөрүн оңдоо үчүн Каржы министрлиги 3 миллион 500 миң сом каражат бөлүп берген. Оңдоо боюнча бөлүнгөн акчага тендер жарыяланган. Биринчи тендер туура эмес өтүп, бир айдан кийин кайра тендер өткөрүлүп "Сафира" деген ишкана жеңип алган. Келишим боюнча аталган ишкана өткөн жылдын декабрь айында оңдоо иштерин бүтүрмөк. Бирок чуңкурлары казылып, пластик түтүктөрү кардын астында калды. Бул жумуштарды суук түшкөнгө чейин бүтүрүш керек болчу да", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.01.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу Супер Инфо силерге рахмат айта албай жургон, журокту ойугон, эч ким укпаган, жогору жакка жеткире албай жургон проблемаларды силерге айтабыз жана алынардын жетишинче чечип берип жатасынар.Азыркы чондор, чиновниктер интернетке чыгып звезда болмоюнча кыймылдашпайт экен, карапайым элди укпайт экен. Алга!!! Ушунунардан жазбагыла.
10.01.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким жоноткону жазылбайбы бул жака?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: