super.kg logo

Оштун мэри эттин баасын аныктоо үчүн уй сатып алып, анын этин базарда сатып көрүүнү сунуштады (толукталды)

 

8-январда Ош шаарындагы бардык мекеме ишканалардын жана мэриянын кызматкерлеринин жыйынында мэр Айтмамат Кадырбаев базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун этин арзандатуу тапшырмасын берди.

“Этке болгон баа жогорулап жатат. Шаардыктардан келип түшкөн арыз-дооматтар да жок эмес. Ошондуктан тийиштүү кызматтар, бир жуманын ичинде эт баасынын эсебин чыгарып, туруктуу баа коюп бергиле”, - деди Кадырбаев.

Эттин баасын арзандатуу, так эсебин чыгаруу максатында тийиштүү кызматтардан түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынат.

Мэриянын маалымат катчысы Талантбек Канатбек уулу SUPER.KG'ге билдиргендей, Кадырбаев эттин чыныгы баасын аныктоо үчүн шаардык бюджеттин эсебинен уй сатып алып, анын этин базарда сатып көрүүнү сунуштады.

"Шаар башчы эттин баасын аныктоодо кыйынчылыктар болсо, бюджеттен 50 миң сом бөлүп берүүгө даяр экенин айтты. Ал акчага уй сатып алып, этин базарга саттырабыз. Анын жыйынтыгында базарда эт саткандар бир уйду союп сатуудан канча пайда таап жатканы белгилүү болот", - деди Канатбек уулу.

Учурда Ошто бир килограмм уй этинин дүң баасы 290 сом, чекене баасы 330 сом болууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
09.01.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эр экенсиз оштун мэри. Балыкчы шаарында дагы ушундай козомол болсо баага уйдун эти дегиэле эттин баасы дайым жогору, этке жакын болуп туруп тегереги Нарын Ысык-кол.
09.01.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ушу эт саткандар көптү. Тирүүлөй малды арзан алышат дагы эттин баасы 330сом. комиссиясы жок эле мен эсептеп берейин. 25кг чыккан койду 4500-5000 ге чейин алышат. 25*290=7250 бул чекене саткандагы баа.андан сырткары ич эти,териси,баш шыйрагы бар. күнөө базарда олтуруп килограммына 40 сомдон кошуп саткан сатуучуда эмес ошолорго дүңүнөн алып келип берип жаткан алып сатармандарда. же алар мамлекетке салык төлөшпөйт.Өз чөнтөктөрүн кампайтышкандын гана үстүндө.
09.01.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
350дөн го эт Ошто 290эмес уй эти ,кой эти деле
09.01.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азыр кайда барба мафия. өзуң союп алып барсаң эч ким албайт
09.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
оа давно козомолдош керек эле, себеби мал коптон бери эле аябай арзан. Малчыларга деле кыйын, канча мээнет менен акча коротуп тоют камдайт, малын сатса арзан
09.01.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы болот эле арзандатса
09.01.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошон учун уйдо эле майда жандыктарды багып союп жесен болот экенда. Бирок, ошол эле учурда уйдун этин жегин келет, аны сатып алуу учун дагыле акча коротосун. Озубуздо мал жандык коп, бирок базар баасындагы эт Москванын эт базарынан айырмасы жок экенда демек. Бул жакта деле кобуроок алсан 270-290 берет, а азыраак алсан 330 болуп калат.
09.01.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Оштуктар этти карышкырдай жейт ко, эттин кымбаттап жатканы.
09.01.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
сулукту исфана шаарында шаар мэрлери козомолдоп коюшса жакшы болот эле
09.01.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура эле баа. Нарындын өзүндө деле ушундай баа. Азыр тамеки 60 -70 сом. Арак 200сом. Кафелерде 400-500сом. Байлар ала берет. Колунда жок акчага муктаждарга гана пособиясын кыркпай үзбөй берсе.
09.01.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошончо болду мэр озу тан эрте 6:00 туруп алып кечке кочо шыпырып корсун. Корот элем кандай кыйын экенин.
Tyty1990 түзөттү 2018-01-09 18:39:34
09.01.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Малдын пайдасын жайдыр кыштыр баккан ээси эмес эле ортодогу шулундаган ортомчулар коруп атышпайбы. Оштун мери жакшы маселе которуптур.
09.01.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Этин баасын бир аз тушургон туура эле,бирок баасын тушургону менен жанагы эле мал бордоп баккан дыйкандарга кыйын болот.
Эт саткан касаптардын 90% озбек туугандар.
Алар эч кандай зыян тартпайт.
Даяр кылып бордоп багып барасын,жалдыраап сатасын. Ошол 290 сомдон дунунон союп алышса кана. Албайт аны да,арзан сурашат.
Бир огуз маселен 200 кг эт берсе,эт саткан касаптар кеминде 10,000 сом пайда корушот.
Ал эми 3 ай кыйналып багып барган дыйкан 10,000 пайда корушу кыйын!
Bayjigit83 түзөттү 2018-01-09 19:01:24
09.01.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз туугандар чогулуп уй кээде топоз союп алабыз баасы 240-260ка чеин айланат дагы ичегиси баш,шыйрактары бар.Мэр ака 260-270сомдон болсо деле касаптарга жеткидей эле калат.
09.01.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жерде мамлекет муниципалдык эт сатуучу жайларды уюштурса дейт элем. Мисалы мен малымды баа кылгым келсе ошол жерге касаптарды алып барып озум союп 260-270тен сатканга даярмын акчасын накталай бере турган болсо. Касаптарды алып барып дегеним этиң арамбы же адалбы деп күмөн санай турган болсо. а муниципалдык дүкондон 280-290 сомдон сатышсын. Түшкөн акча мамлекетке пайда анан дагы биртике болсо дагы жумуш менен камсыз болот эле жарандар
09.01.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай болсо эл коп жашаган жерге бир чон базар ачып берсин эл озунун малын озу саткыдай санитарный вет врачтардан кагаз алып очеретке туруп 250 дон сатса да малчыга да элге да пайда.250дон 200 килограмм сатса 50000мин пайда корот
10.01.2018. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rusbek1987,ал жер да коррупцияга монополияга айланат.Ошол эле карышкырлар ошол эле касаптар ошол эле озбектер ээлеп алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: