super.kg logo

Министрлик: "Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул дароо эле берилбейт"

 

Жаңы төрөлгөн балдарга төлөнүп берилчү сүйүнчү пул боюнча мыйзам 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бирок Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева ата-эне сүйүнчүнү дароо эле албай турганын 9-январда SUPER.KG'ге билдирди. Анын билдиргени боюнча, кайрылган ата-энеге сүйүнчү пулду берүү машакаты эки жума убакытты алат.

"Ымыркай бүгүн төрөлсө, ата-энеси эртеси эле сүйүнчү пул ала албайт. Анткени жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып, өздөрүнүн паспортун, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат тапшырышкандан кийин, акча 10 жумушчу күндүн аралыгында чегерилет. Ал эми башкармалыктарда накталай акча кармалбагандыктан Каржы министрлиги которгон акча почталар аркылуу жеткирилип берилет. Сүйүнчү пул 2018-жылдын 1-январына чейин төрөлгөндөргө берилбейт", - деди Кадыралиева.

Өкмөттүн 370-токтомуна ылайык, баланын жашаган жерине жараша 4 миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болмокчу.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
09.01.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ммм.
09.01.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эми ары суйроп бери суйроп,бери карап кулуп ары карап ыйлап жон бергиси келбейт экен да.мейли дагыда болсо куто беребиз 10 кун 1 айга созулса да кантседа берсенер болду,чонтогунорго киргизбей
09.01.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ммм дебей анан эмне дейбиз озунорго эле буйрусун. 7000 да акчабы азыр жок дегенде торогонго жараша 10000 кылышпайбы. Уф качан онугобуз билбейм жоголуп талааалап эле буто турган болдук го ушул жылы чооон бурулуш болсо экен
09.01.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баланын төрөлгөндүгү тууралуу справка. Справканы алгандыгы анык деген справка Жашаган жериңен справка паспорт копия метркелердин копиясы. Жашап жатат деген справка коңшуларыңан справка баарын жыйнап бир жерге тапшырганың тууралуу справка тапшырсаң аласың ушул акчаны бул документтерди жыйнап тапшырганча калтаңан 8700 сом коротосуң. Биз "Бумажный век" те жашап жатабыз.
09.01.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир берилип баштады дейсинер жанылыктардан айтып,интернетке жайып.Озу бугун 9у болсо анан эки жумада келсе анан не берилип атат деп тош кагасынар..ала элек эч ким жок эле.Жаман эле болдунар го бергиче.Маалымат береерде ойлонуп анан берсенер министрлик!!!
09.01.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда деле ошондой болчуго, айткан докменттер даярдасан анан пасобия алчу почта болумдорунон алынатго.
09.01.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ачык эле айтпайсынарбы биринчи банкка 5000 толоп келсе,биз почта менен 4000 салып жиберебиз . Калган 1000 сом бизге деп.
Tyty1990 түзөттү 2018-01-09 19:12:29
09.01.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990,)))
09.01.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Документтерин топтогончо кийинки шайлоо башталат, анан дагы айтасынар шашып суйлоп алдык эле бир добуштан кайра башынан эсептеп чыгыш керек деп.
09.01.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Булар элден акча алышса эч кандай далилсиз эле алышат анан беришке келгенде эле башталат тообо кессен кан чыкпайт мамлекет элдики жаныбарлар ишти кыйындатпай ата эне паспорт торолгон баланын куболугу эле жетет дагы кандай далил керек
09.01.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аны алгыча эле 4миң кетип калатко,справкага башкага деп отуруп.
09.01.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынар Курбаналиевтин тамашасы эске түшүп кетти.
Бир иттин идиши кепесинен үч метр алыста экен,итти болсо эки метр жип менен байлап коюптур.
Бирөөсү келип иттин жибин үч метрге узартып,кесени беш метрге жылдырып коёт экен. Ошондой эле болуптурда бул жагы
09.01.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дароо эле берилбесе эмнеси суйунчу пул. Суйунчуну бала торолор менен суйунуп турушканда бериш керек да. Антип алдашпай эле бир айлык пособия деп койушпайбы.
09.01.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Почто аркылуу дейби бизде почтодо алдым жуттум аябай начар киши иштейт онойу менен алалбайсын
09.01.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийлик кара кулжада экен да
09.01.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда да пособия акчаларды алыш учун,толтура документ справка тапшырсан анан беришет.
09.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ бул жагы сүйүнтпөй эле кайгыртат го. Ошол акчаңар өзүңөргө буюрсун бийлик башындагылар. Ошол акчага үйүңөргө нан алып чай ичип койгула. Берчүү акчасын жөн бербей кишини үмүттөндүрбөй
10.01.2018. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу га да шүгүр дейли.25 жылдан бери сүйүнчү пулду унуттук эле. Эми ар бир жаңы иштин көзүн тапкыча убакыт керектелет. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде кагаз бюрократиясы азайып калды. Болгону үч кагаз керектелет экен. Сабырдуу бололу, беттен албай.
10.01.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен октябрда тородум,пособиеге жана суйунчу пулна тапшырганы документ чогултуп тапшырганы айыл окмотко барсам быйылкы план толду,болду жаны жылдан баштап тапшыргыла деп документибизди албай коюшту го,эми кандай болот биягы?Эгер суйунчу пул берилбей турган болсо бул маселе боюнча да тема ачсанар суперчилер...!!!
10.01.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйунчу пул бала 3 айлык болгула документ тапшырсан берчу эле го десек,азыр 1жыл ичинде алсанар болот деген да жоопту уктук,бул маселе качан чечилип качан бир окмотко байланыштуу иштерибиз бир кундо чечилип буто турган болот экен...Кундо темселеп конторго барабыз,дагы бир справкасы туура эмес деп жолго салат...Чекеден чачын жулуп салгын келет айыл окмотто иштегендердин...()
10.01.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны да жон бере коюшпастан соц фонддогулардын чонтогуно чай пул берсе, анан чыгарат коросунор го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: