"Ымыркайын колуна алып унаа башкарган эне табылса, административдик жазага тартылат". Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы аны издөөнү улантууда
Бишкекте колундагы наристеси менен унаа башкарып бараткан аял дагы деле издөөдө. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Интернетке ымыркай наристесин колго алып унаа башкарып бараткан аялдын видеосу тараган. Видеодон анын жанындагы орундукта колундагы баласынан башка дагы бир кичинекей бала отуруп баратканын да көрүүгө болот.
Видеону автор 6-январда саат 16:00 чамасында Шабдан баатыр, Горький көчөлөрүнүн кесилишинен тарткан. Административдик кодекс боюнча 12 жашка чейинки баланы унаанын алдына отургузууга болбойт. Тобокелге салып унаа башкарган аял табылса, бул аракети үчүн 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөшү мүмкүн", - деп билдирди аталган кызматтан.
Эске салсак, колунда наристеси менен унаа башкарып бараткан аялдын видеосу интернетке тарап талкуу жараткан. Учурда аялды издөө иштери жүрүүдө. Видео сапатсыз тартылгандыктан аял кишини аныктоо мүмкүн болбой жатканын кошумчалады Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Колундагы наристеси менен унаа айдап баратат


Конечно машинанын аркасына эч жок дегенде байлап кой да..
Аял молодец экен...