super.kg logo

Биометрикалык паспорттун үлгүсү ката жазылып жарыяланды. Мамкаттоо эмне дейт?

 

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттун үлгүсүн ката менен жарыялагандыгы талкууга түшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй билдирди.

"Биометрикалык паспортторду жарандар 2018-жылы алышы мүмкүн. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан атайын электрондук эскиздер чыгарылды. Анда 3 паспорттун үлгүсү көрсөтүлгөн. Алар: жалпы жарандык биометрикалык, кызматтык жана дипломаттык паспорттор. Учурда коомчулук "дипломат" деген сөз туура эмес жазылыптыр деп сындап жатат. Ал жөн гана үлгү, расмий документ эмес. Ар бир адам катачылык кетирет, дизайнер тарабынан туура эмес жазылып калыптыр", - дейт Азимбаева.

Ошондой эле ал биометрикалык паспорттор документтердеги коопсуздукту күчөтүү, жасалма документтерди даярдоону токтотуу жана кыргыз элин документ менен камсыздоо системине эң алдыңкы технологияларды киргизүү максатын көздөөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(42)
09.01.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Так кыргызчасында ката кетеби? Улгусун деле так туура жазып койсо же ондоп чыгарса болбойбу? Так туура эч нерсе чыкпай калдыго бизде.
10.01.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asankulov12,бул белгини чет мамлекеттиктер кыргыз элин мыкты деп билишет!
09.01.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Улгусубу же башкасыбы негизи туура жазылыш керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: