"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кыргыздын Орусиядагы элчилиги: "Кыргыз жарандарына бир топ жеңилдиктер каралган"

"Биздин өлкө Евразиялык биримдикке киргенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандарына бир топ жеңилдиктер каралган. Жумушка уруксат алуу жок. Жумушка иштөө үчүн патент алуу жок. Биздин жарандар калкты тейлөө чөйрөсүндөгү бардык ишканаларга кирип иштөөгө укуктуу. Бүгүнкү күнү Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү дүкөн, ресторан, кафе, чач тарач, сулуулук салондорунда, такси, маршруттук унааларды айдоо жана башка калкты тейлөө чөйрөсүндө иштеп жатышат. Учурда мурдагыдай көчө шыпыргандар жана кар күрөгөндөр азайган. Ал эми, албетте, мамлекеттик органдарына, мамлекеттик ишканаларына жана мекемелерине Орусиянын жарандыгы керек болот. Кененирээк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик миграциялык кызматына кайрылсаңыздар болот", - дейт Гүлбарчын Байымбетова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
-7

Элчиликтен жооп берген айым "кыргыздар тейлоо тармагындагы бардык ишканаларга иштоого укугу бар" деп жазыптыр... Бул карандай калп экенин билет болду бекен бул айым?!! Жарыя боюнча биз кайрылган ар экинчи коммерциалык ишкана, биз только РФ жарандарын жумушка алабыз деп жооп кайтарышат.
ЕАЭСке мучо Кыргызстандын жарандары менен ЕАЭСке мучо эмес Озбекистан, Тажикистандын жарандары бирдей жумуштарда иштешет?!! Кана ошондо Кыргызстандын ЕАЭСке киргенде тапкан пайдасы?!!
Кана эми жооп бергилечи элчилик кызматкерлери, мен санаган акыркы 2 маселе боюнча, эмгек келишими жана регистрация боюнча мигранттарга эмне жардам кыла алдынар?!! Орус Окмоту менен бул темада мигранттардын пайдасына кандай пайдалуу келишим тузо алдынар?!!
Кайран гана акчалар...
Ал эми Москва шаарындагы кыргыз элчилиги оз жарандарына жардам беруунун ордуна, кайра оздору полиция чакырып, кыргыз жарандарын ОМОН, Оруссия полициясынын колуна салып берет. Бул факт!!!!