Издөөдө жүргөн адамдын жансыз денеси тоодон табылды
Дайынсыз жоголгон 26 жаштагы адамдын жансыз денеси тоодон табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Издөөдө жүргөн Курсантбек Сүйүнбаевдин жансыз денеси 5-январда Кара-Күңгөй тоосунан табылган. Маркумдун сөөгүн көргөн жаран дароо милиция кызматкерлерине кабарлаган.
"Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маркум 2017-жылдын 2-ноябрынан бери изделип жаткан Курсантбек Сүйүнбаев экенин аныкташкан. Ал кийген кийимдеринен жана көтөрүп жүргөн уюлдук телефонунан таанылды", - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, маркум мал кайтарып жүрүп, жардан кулап кеткен. Анын жакындары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кандай доо арыздары жок экендигин билдиришкен.
Эскерте кетсек, 1991-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын тургуну Курсантбек Сүйүнбаев 2017-жылдын 20-октябрында саат 16:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Баарыбыз олуучу,жок болуучу затпыз.
Тынч жатып уйдо,бала чака,туугандардын мандайында олуп,соогубуз муздай электе корустонго койгон насип этсе экен ар бир мусулманга.
Ага чейин ибадат кылып,сооп иштерди жасап алалык!