Депутаттар “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө дагы 3 ай мөөнөт сураган өкмөттүк комиссияны сынга алышты
"Кумтөр” келишимине кол койгон адамдар азыр аппак болуп отурат. Өкмөт мүчөлөрү сиздерге 3 ай мөөнөт бердик, бирок дагы убакыт сураганыңар болбойт. Бирок Кыргызстандын тарыхында 1-жолу мамлекеттик маселени чечип жаткан алгачкы комиссия силердин комиссия болду",- деди вице-спикер Төрөбай Зулпукаров ЖКнын 5-июндагы жыйынында. Комиссиянын дагы убакыт сураганына депутат Исмаил Исаков да каршы. “Кошумча убакыт бербей, “Кумтөрдөн” түшкөн кирешенин 70 пайызын күрөөгө коюшубуз керек. Анткени канадалыктар кетип калса, бизге келтирилген зыянды оңдой албай калабыз”,- деди Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

