super.kg logo

Сапар Исаков сүйүнчү пул боюнча кеңешме өткөрдү

 

Өкмөт башчы Сапар Исаков ымыркайлар төрөлгөндө бериле турган сүйүнчү пулдарын эсептөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кеңешмеде өкмөт башчы жарандар үчүн сүйүнчү пул алууну максималдуу түрдө жеңилдетүү жана аны алуу үчүн арыз берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү зарылдыгын айткан.

Ошондой эле мааламытта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин сүйүнчү пулду берүүнү оптимизациялоо үчүн алардын жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда электрондук байланыш иштелип жатканын айтканы белгиленген. Анын айтымында электрондук байланыш аркылуу ымыркай төрөлгөндөн кийин аны каттоодо ымыркайдын жана ата-энесинин жашаган жери, банк эсебинин номери электрондук түрдө Мамлекеттик каттоо кызматынан Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумуна жөнөтүлүп турат.

Андан сырткары ал сүйүнчү пул алууда жана жаңы төрөлгөн ымыркайды каттоо үчүн жарандарга Жарандык абал актыларын каттоо кызматына гана кайрылуу жетиштүү боло тургандыгын кошумчалаган.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова учурда өлкөдө социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан сүйүнчү пул алуу үчүн жарандардан арыздар чогултулуп жатканын айткан.

"Кеңешменин аягында өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматына, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Финансы министрлигине 2018-жылдын 15-февралына чейин сүйүнчү акчаны берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин жана ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууну тапшырды", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(9)
10.01.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сапар Исаков жакшы иштей бериниз!Келечекте президент болуп калсаныз!
10.01.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Пособия жонундо жазгылачы супер!Кандай чечимге келишти экен?!
10.01.2018. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayida,Пособие- жөлөк пул маселеси үч айдан кийин каралат.
10.01.2018. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир маселени эптеп чече алышпай 2 айдан бери судуроп журушконуно куйосунда!
10.01.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ит итти жумшайт ит куйругуну.....
Бугун эрттен деп жатып качан бир жыйынтыка келер экенсинер.суйунчу пулга ата энесинин паспорту анан туулгандыгы жонундо куболугу болсо болдуда,анча коп кагаздын кереги не.
10.01.2018. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tynybek1989,Жарандын дарегин тактаган справка да зарыл, болбосо каяктан барып алат? Каттоосу айылда,өзү борбордо жашаса.
10.01.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип дагы 2 ай чукул чогулуш откоруп ошо менен жаап салгыла
10.01.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай маселелер каралып которулуп эле аткарылбай жок болот.
10.01.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торолор менен роддомдон эле берип
койсо болот да проблема кылбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: