Түркияда 8 баланын атасы туулган күнүнүн урматына сүрөткө түшөм деп каза болду
Түркияда 8 баланын атасы туулган күнүнүн урматына сүрөткө түшөм деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Түркиянын Шанлыурфа шаарында жайгашкан Урфа сепилинин жанында туулган күнүн белгилеп жаткан 38 жаштагы Халил Даа 20 метр бийиктиктен учуп кеткен.
Ал сүрөткө түшүү үчүн дөңсөөдөн жерге секирип, бирок андан ары жардан кулап кеткен. Болгон окуяны видеого маркумдун досу тартып жаткан. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы келген. Маркум ооруканага жеткирилип ошол жерден көз жумган.
Сүрөткө түшөм деп 20 метр бийиктиктен кулап кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Мына коз алдыбызда болгон окуя.
Намаз окуп,тообоо келтирип жашайлы
Кантсе да жайы жайлуу болсун