Санжар Муканбетов эмне үчүн вице-премьерлик кызматына баратканын айтты
Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып жатат.
Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев Муканбетовдон кайсы ишти ишке ашырайын деп бул кызматка баратканын сурады.
Санжар Муканбетов өкмөттүн кабыл алган программалардын негизинде иш алып бара турганын айтты.
"Өкмөттүн кабыл алган программалары, мамлекеттин улуттук стратегиясы бар. Ошону ишке ашыруу үчүн баратабыз", - деди Муканбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

