super.kg logo

Орусияда киши колдуу болуп каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алынып келди

 

Орусияда киши колдуу болуп каза болгон Кыргыз жараны Мурат Маматалиев менен Искендер Жолборсовдун сөөгү кичи мекенине алынып келди. Бул тууралуу 10-январда SUPER.KG'ге маркум Мураттын балдызы Айзада кабарлады. Маалым болгондой, экөөнүн сөөгү бүгүн туулуп-өскөн Өзгөн районундагы Шагым айылында жерге берилет.

"Каза болгондордун сөөгү бүгүн эртең менен Шагым айылына алынып келди. Учурда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал эми Орусияда мекендештер тарабынан чогултулуп жаткан каражат жездемдин сөөгүн алып келүүгө жана 7 жаштагы баласынын операциясы үчүн гана жыйналып жаткан. Бирок Искендердин сөөгүн алып келүүгө да ошол каражаттан жумшалды", - деди Айзада.

Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Искендер Жолборсов жана 1981-жылы туулган Мурат Маматалиев аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болду.

Мураттын артында эки уул, бир кыз, Искендердин артында бир уул, бир кыз калды. ИИМдин маалыматына ылайык Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.01.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уюшкан кылмыштуу топтун мучосу болсо,, анда душмандары бар экен эле да
10.01.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындап ОПГнын мучосу болсо кейибей койсокта болот. Экоого болсода азайды. Канчалаган уйбулонун тынчын алып аткылап коркутуп уркутуп тоноп жатышат.
10.01.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aza17,Туура, ак эмгек менен иштеш керек ОПГдеп жаштар кобу бузула башташты катуу козомол керек Алла Таала ак эмгекти суйот.
10.01.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aza17,Бироонун олумун тилегиче озундун омурунду тиле, мумкун жакшы адамдыр, талап тоногондор адамды аткылагандар, болок опглар болуп журбосун, эмнеси болсо да бейишин берсин!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: