super.kg logo

Диана Шурыгинаны зордуктаганы үчүн эркинен ажыратылган студент баланын жакын арада абактан чыга турганы айтылууда

 
Диана Шурыгина
Сергей Семёнов

Орустардын "Пусть говорят" берүүсүндө бир топ жолу талкууга алынган Диана Шурыгина аттуу кыздын окуясы эсиңизде болсо керек. Анда 17 жаштагы Диана Сергей Семёнов аттуу студент баланы зордуктоо боюнча айыптаган. Бирок Семёнов жыныстык катнашка эки жактын тең макулдугу менен барганын айтып, зордуктаганын моюнга алган эмес. Жыйынтыгында сот студентти 8 жылга эркинен ажыратса, кийинчерээк жогорку инстанциядагы сот Семёновду 3 жыл, 3 айга кескен.

Сергей Семёнов жазасын өтөп жүргөндө Шурыгина интернет жылдызына айланып, ал гана эмес Орусиянын Биринчи каналында оператор болуп иштеген Андрей Шлягинге турмушка чыгууга жетишкен. Эки тарапка тең адилеттүүлүк бирдей болуусу үчүнбү, айтор Семёнов жакында мөөнөтүнөн эрте абактан чыга турганы айтылууда. Тактап айтканда, анын бир тууган эжесинин социалдык тармакка жазып чыкканына таянсак, Сергей жакын арада абактан чыгат. Ал мындай чечимдин чыгуусуна, инисинин буга чейин соттолбогону жана "Пусть говорят" берүүсүнөн алган гонорарын балдар үйүнө кайрымдуулукка жумшаганы себеп болгонун айткан.

Белгилей кетсек, "Пусть говорят" телеберүүсүнө тартылган каармандарга алардын талкуу жараткан окуяларына карата 5 миң рублдан 300 миң рублга чейин гонорар төлөнө турганы айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
10.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Гонорар дегени эмнеси?
10.01.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Reakciya,ошол телеберууго катышкандыгы учун,баарын ачык айтканы учун берилген акча.
10.01.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Пусть говорят беруусуно кызуу талкуу жаратканы учун акчалай сыйлык берилгенби ошондо? Жакшы го, бирок кайрымдуулукка жумшаганы жакшы корунуш экен. Диана аябай эле хит болду го. Ал ошентип акча ондуруу максатында жатып берип, кийин зордуктады деп сотко берген дешет го.
10.01.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шурыгинанын мынтип отургузган баласы бир эле Семёнов эмес, Шурыгиндердин семейный бизнеси деседа болот
11.01.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raykray, силер аны кайдан билесинер? Аябай жакыш тааныштардай эле жазыптырсынар да) тооба
10.01.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул Шурыгина менен Бузованы корсом эле Анжеликаны коргондой боло берем.Кудай сактасын ушуга окшогон Шурыгиналардан.
10.01.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо Айтбековага да тологон болуп калатда
10.01.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кардашьян Бузова Шыругина Баян Анжелика ушулардын камырын Кудай бир мискейде жууруган окшойт ,коендой окшош типтер. Этинди жымыратат(((
11.01.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guji, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: